Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 11-декабры № 2
“Кан-Ачуу” мамлекеттик жаратылыш паркын “Кан-Ачуу” мамлекеттик жаратылыш коругу статусуна которуу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги ХХХX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кан-Ачуу” мамлекеттик жаратылыш паркы “Кан-Ачуу” мамлекеттик жаратылыш коругу статусуна которулсун.
2. Көк-Ирим айыл аймагынын элине “Кан-Ачуу” мамлекеттик жаратылыш коругуна жайлоого чыгып, жайытты акысыз пайдалануусуна уруксат берүү, курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агентигинен суралсын.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Кѳк-Ирим айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысынын м.у а. Н. Нарматовага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Көк-Ирим айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин төрагасы: |
С.Топоев. |