Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 30-декабры № 1
Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бюжети жана 2022-2023-жылдарга болжолуу жөнүндө
Көк-Ирим айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бюджетинин киреше, чыгаша бөлүктөрү, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, КРнын Салык Кодекси жөнүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жеткирилген контрольдук цифранын негизинде айылдык Кеӊештин “Пландоо-бюджет боюнча туруктуу комиссиясында карап чыгып” 2021-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетинин түзүлүшү жөнүндөгү каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Өскөнбай уулу Сүйүндүктүн билдирүүсүн угуп жана талкуулап Көк-Ирим айылдык Кеӊешинин (IV шайланышынын) кезектеги чакырылган XXXXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Ирим айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджети кирешелер боюнча 6252,3 миӊ сом суммасында жана чыгашалар боюнча 6252,3 миӊ сом суммасында №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Көк-Ирим айыл өкмөтүнүн 2022-2023-жылга консолидацияланган бюджетинин болжолу №2 тиркемеге ылайык жактырылсын.
2022-2023- жылдарга жергиликтүү бюжетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын:
2022-жылга 6301,0 миӊ сом суммасында;
2023-жылга 6387,1 миӊ сом суммасында;
3. Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү №3 тиркемеге ылайык салык жана салык эмес төлөмдөрү, трансферттер жана башка кирешелер боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлсүн.
4. Көк-Ирим айыл өкмөтү 2021-жылга жергиликтүү бюджетинин чыгашаларын каржылоого каражаттары тармактар жана мекемелер боюнча ведомстволук жана экономикалык классификацияларга ылайык №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Көк-Ирим айыл өкмөтүнүн аппараттынын структурасы жана штаттык түзүмү №7 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Көк-Ирим айыл өкмөтүнүн аппараттын структурасы жана штаттык түзүмү №6 тиркемеге ылайык, маданият тармагынын кызматкерлеринин штаттык түзүмү №7 тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, соц фондтуна чегерүүлөр, дары-дармектер, тамактануу) жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча (электр энергия, көмүр, суу,телефон байланышы ж.б) жүргүзүлсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген электр энергия боюнча лимиттин негизинде сарамжалдуу пайдалануу, ар ай сайын тиешелүү мекемелер менен эсептешүү иштери камсыз кылынсын.
9. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү №33 мыйзамынын 5-пунктунун негизинде айылдык кеӊештин төрагасына берүү компенсация өлчөмү айыл өкмөтүнүн башчысынын негизги эмгек акысынын бир күндүк өлчөмүнө жана сессиянын өткөрүү көлөмүнө жараша эсептелип төлөнүп берилсин.
10. Айыл өкмөтүнө караштуу социалдык объектилерди сапаттуу жана толук каржылоо максатында “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси” жөнүндөгү мыйзамына ылайык жыл ичинде контрольдук цифрадан ашыкча каржыланып кеткен чыгымдарга каржыланбай калган статьялардын эсебинен жылыштырууга, 2020-жылы төлөнбөй калган статьяларга 2021-жыл үчүн каралган бюджетинин эсебинен каржылоого уруксат берилсин.
11. Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу айылдык Кеӊештин “Пландоо –бюджет” боюнча туруктуу комиссиясына жана финансы-экономика бөлүмүнө тапшырылсын.
Көк-Ирим айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин төрагасы: |
С.Топоев. |