Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Бука айылдык кенешинин I чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2024-жылынын 11-июну №5/8
“Жергиликтүү жамааттарга сугат суу жеткирүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 11-июнунда чыгарган корутундусун талкуулап чыгып, депутаттардын макулдугун эске алып Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кенешинин I-чакырылышынын кезектеги V-сессиясы токтом кылат:
1. Кош-Терек айылындагы “Жалалкул” арыгына жергиликтүү жамааттарды сугат суу менен камсыздоо үчүн 2,0га жер аянтына күбөлөндүрүүчү күбөлүк алууга макулдук берилсин.
2. .Жалалкул арыгына тийешелүү жер аянтын бөлүп берүү жана күбөлөндүрүүчү күбөлүгүн мыйзам ченемде тактап берүү айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана төрагасы А.Токторбаевге жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы: | Умаров А . |