Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 30-декабры № 3
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Айрым мамлекеттик укуктарды берүү жөнүндө келишимди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Көк-Ирим айылдык Кеӊешинин (IV шайланышынын) кезектеги чакырылган XXXXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик укуктарды берүү жөнүндө келишим бекитилсин.
2. КР Финансы министрлиги тарабынан 2018-жылдын 24-ноябрындагы №192 буйругунун 2-формасына ылайык статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды көзөмөлдөө жагы Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Өскөнбай уулу Сүйүндүккө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ирим айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси статист-экономист Т.Бактыбек уулуна тапшырылсын.
Көк-Ирим айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин төрагасы: |
С.Топоев. |