Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Бука айылдык кенешинин I чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2024-жылынын 11-июну №5/11
“Муниципалдык менчик объектисин пайдаланууга берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 15-беренесинин негизинде, айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 11-июнунда чыгарган корутундусун талкуулап чыгып, Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кенешинин I-чакырылышынын кезектеги V-сессиясы токтом кылат:
1. Ала-Бука айыл аймагына караштуу Ызар айылынын А.Касымов көчөсүндө жайгашкан №51 административдик имараты, үйбүлөлүк дарыгерлер тобунун (ҮДТ) пайдалануусуна убактылуу берүүгө макулдук берилсин.
2. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун (ҮДТ) пайдалануусуна мыйзам ченемде өткөрүп берүү айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылысын.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана төрагасы А.Токторбаевге жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы: | Умаров А . |