Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин VIII чакырылыштагы кезексиз XXXIV сессиясынын
2024-жылдын 10-майы № 238/34-8
Талас шаарынын “Жениш” паркынын батыш аймагынан Калкты тейлөө борборуна (ЦОН) жаңы имарат куруу үчүн 1725 чарчы метр жер тилкесин Р-2 парктын аймагынан Ц-1 аймагына которууга макулдук жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 11-беренесинин 1,2-пункттары жана Талас шаарынын мэриясынын 26.04.2024-жылдагы №01-19/1104 чыгыш сандуу катынын негизинде, Талас шаардык кенешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун корутундусун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын “Жениш” паркынын батыш аймагынан Калкты тейлөө борборуна (ЦОН) жаңы имарат куруу үчүн 1725 чарчы метр жер тилкесин Р-2 парктын аймагынан Ц-1 аймагына которууга макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кенешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынынтөрагасына (А.Кушубеков) тапшырылсын.
Төрага |
| К. Джаныбеков |