ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин VIII чакырылыштагы кезексиз XXXIV сессиясынын
2024-жылдын 10-майы № 239/34-8
Талас шаарынын А.Оторбаев көчөсүнүн №4а дарегиндеги 15000 чарчы метр жер тилкесин Р-3 рекреациялык-ландшафттык аймактан Ц-2 коммерциялык аймакка которууга макулдук жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаарынын мэриясынын 08.05.2024-жылдагы №01-19/1190 чыгыш сандуу каты жана ага тиркелген Талас регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын корутундусунун негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын А.Оторбаев көчөсүнүн №4а дарегиндеги 15000 чарчы метр жер тилкесин Р-3 рекреациялык-ландшафттык аймактан Ц-2 коммерциялык аймакка которууга макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы (А.Кушубеков) тапшырылсын.
Төрага |
| К. Джаныбеков |