Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин VIII чакырылыштагы кезексиз XXXIV сессиясынын
2024-жылдын 10-майы № 242/34-8
Кыргыз Республикасынын республикалык жана облустук маанидеги шаардык кенештеринин ортосунда ынтымакты чындоо, тажрыйба алмашууну өнүктүрүү жана кичи футбол боюнча достук мелдешти өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин кезексиз XXXIV сессиясынын күн тартибине коюлган сунушунун негизинде, Кыргыз Республикасынын республикалык жана облустук маанидеги шаардык кенештеринин ортосунда ынтымакты чындоо, тажрыйба алмашууну өнүктүрүү жана кичи футбол боюнча достук мелдешти өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын республикалык жана облустук маанидеги шаардык кенештеринин ортосунда ынтымакты чындоо, тажрыйба алмашууну өнүктүрүү жана кичи футбол боюнча достук мелдешти өткөрүү боюнча курамы 7 адамдан турган уюштуруу комиссиясы түзүлсүн.
2. Аталган иш чара 2024-жылдын 21-22-23-июнь күндөрүнө белгиленсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага |
| К. Джаныбеков |