Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Бука айылдык кенешинин I чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2024-жылынын 11-июну №5/9
“Ала-Бука айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитеттин иш-чарасын жана жобосун бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К.Сатимбаевнанын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын макулдугун эске алып, Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кенешинин I-чакырылышынын кезектеги V-сессиясы токтом кылат:
1. Ала-Бука айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитеттин жобосун жана иш-чарасын тиркемелерине ылайык бекитүүгө макулдук берилсин (тиркемелери тиркелет).
2. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы: | Умаров А . |
1-тиркеме (Ала-Бука айылдык кеңешинин 11-июнь 2024-жылдагы №5/9 токтомуна) |
Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жергиликтүү комитет жөнүндө жобо
Бул жобо «Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык иштелип чыккан жана атайын органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча комитетинин ишинин тартибин жана шарттарын аныктайт.
1. Жалпы жобо
1.1. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитет (мындан ары – Жергиликүү Комитет) үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу аялдардын, балдардын,улгайган жана аракетке жөндөмсүз жарандардын укуктарын бузуу маселелери боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу үчүн мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн(үй-бүлөлүк зомбулуктан) сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын субъекттеринен жергиликтүү жааматтын мүчөлөрүнөн жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турган коомдук башталышта түзүлгөн, дайыма иштөөчү коллегиялуу орган. Комитеттин негизги максаты – үй-бүлөлүк зомбулукту,үй-бүлөдөгү аялдардын жана кыздардын укугунун бузулушуна лдын алууга көмөк көрсөтүү.
1.2. Комитет өз ишинде Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарын, ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
1.3. Комитеттин курамына үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоону жан сактоону жүзөгө ашыруучу субъектилер, жергиликтүү өз алдынча башкару органдарынын, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүнүштөрүнүн билим берүү, саламаттык сактоо,ички иштер органдары,социалдык өнүктүрүү юстиция түзүмдөрү) өкүлдөрү, жергиликтүү жааматтын мүчөлөрү жана жарандык коомдун (аксакалдар соттору, аялдар, жаштар кеңештери, бейөкмөт уюмдары, кризистик борборлор) өкүлдөрү жана башкалар кирет.
1.4. Комитеткоомчулуктун мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү жана кызматташуу формаларынын бири болуп саналат жана алардын өз ара аракетинин жана кызматташтыгынын башка формалары чектелбейт.
1.5. Комитет маалыматтардын купуялуулугун, жашырындуулугун сактоону жана жашы жете электерге жана аракетке жөндөмсүз адамдаргакарата үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын кошпогондо, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандар тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгарбоого, ошондойэле маалыматтарды башка субъектилерге берүү жөнүндө жашы жеткен адамдардын макулдугу болгондо, өз ишин ыктыярдуу жана акысыз принциптери боюнча туруктуу негизде жүзөгө ашырат.
2. Комитеттин негизги милдеттери
3.
Комитеттин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
2.1. Үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүү;
2.2. Адам укуктары, укуктарды коргоо жана сактоо, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулукту болтурбоо маселелери боюнча жергиликтүү калкка маалымдоо;
2.3. Жергиликтүү жаамат менен түшүндүрүү жана консультациялык жолугушууларды өткөрүү;
2.4. Жабыркаган жараандарга юридикалык жана психологиялык акысыз консультация берүү;
2.5. Үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу жана укук коргоо маселелерине байланышкан коомдук демилгелерди талкуулоо жана алдыга жылдыруу;
2.6. Мамлекеттик органдардын жана бейөкмөт уюмдуюмдардын үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча көрсөткөн кызматтарынын сапатын жакшыртууга көмөктөшүү;
2.7. Үй-бүлөлүк зомбулук маселеси боюнча маалыматтарды жыйноо жана талдоо;
2.8. Маалыматтык-агартуу иши боюнча сунуштарды, сын-пикирлерди даярдоо жана коомчулукта болуп жаткан зомбулук үчүн жоопкерчилигин жана маалымдуулугун жогорулатууга багытталган координациялоону күчөтүү
4. Комитеттин функциялары
3.1 Комитет өзүнө жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
3.1.1. Калк менен адам укуктары жана үй-бүлөлүк зомбулукту болтурбоо маселелери боюнча алдын алуу жолугушууларын өткөрүү;
3.1.2. Үй- бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга маалыматтык жана консультациялык укуктук жардам көрсөтүү жана аныктоо;
3.1.3. Комитеттин мучөлөрүүчүн кварталына бир жолудан кем эмес окутуу иш-чараларын өткөрүү;
3.1.4. Зарыл учурларда ички иштер органдарына жана прокуратурага үй- бүлөдө жасалган зомбулук фактылары жөнүндө кабарлоо;
3.1.5. Аялдардын, балдардын, улгайган адамдардын коопсуз жашоого болгон укуктарынын бузулган учурларына туруктуу мониторинг жүргүзүү;
3.1.6. Жеке жана жергиликтүү жаамат менен байланышты өнүктүрүү жана колдоо;
3.1.7. Үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча коомдук демилгелерди колдоо жана өнүктүрүү боюнча аймактар аралык кызматташууну өнүктүрүү;
3.1.8. Зомбулуктан жабыр тарткан жарандарга турмуш-тиричиликтин чектеген тоскоолдуктарын жеӊүүсү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү жана коомдун турмушуна катышуу үчүн башка жарандар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу;
3.1.9. Үй-бүлөдөгү зомбулук маселелери жана үй-булөлүк зомбулуктан коргоо механизмдери боюнча маалыматтык иш-чараларды өткөрүүдө мамлекеттик мекемелерге жана коомдук бирикмелерге көмөк көрсөтүү.
5. Комитеттин мучөлөрүнүн укуктары
4.1. Комитеттин мучөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
4.1.1. Үй- бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу маселелерине байланышкан коомдук демилгелерди кароо;
4.1.2. Ченемдик укуктук актылардын жана башкаруучулук чечимдердин долбоорлорун иштеп чыгууга жана коомдук угууларга катышууга;
4.1.3. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан пландаштырылган же кабыл алынган чечимдерди өркүндөтүү боюнча сунуштарды, сын-пикирлерди киргизүүгө;
4.1.4. Өзүнүн ишине улуттук, эл аралык, эксперттик жана илимий уюмдардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүн, ошондой эле айрым адистерди тартууга;
4.1.5. Семинарларды, конференцияларды, тегерек столдорду, коомдук угууларды жана башка иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө;
4.1.6. Комитеттин компетенциясына кирген маселелерди талкуулоо үчүн тийиштүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин, жарандык активисттерди жана жергиликтүү жааматтын жарандарын жыйынга чакырууга;
4.1.7. Коомчулукка, мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын комитетке берген сунуштарын, сын-пикирлерин жана башка кайрылууларын четке кагууда аларга маалымдоого;
4.1.8. Мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына коомчулук менен өз ара аракеттенүүгө көмөк көрсөтүү;
4.1.9. Комитеттин белгилүү бир чыгымдарын каржылоо үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган каражаттарды тартууга.
4.2. Комитеттин мучөлөрү байкоочулар катары төмөнкүлөргө катышууга укуктуу:
4.2.1. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча жыйналыштарына;
4.2.2. Мамлекеттик органдар жана алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү тарабынан өткөрүлүүчү башка иш-чараларга катышууга.
6. Комитеттин ишин уюштуруу
5.1. Комитеттин ишин жетектөөнү мучөлөрдүн ичинен шаиланган комитеттин төрагасы жүргүзөт.
5.2. Комитеттин жооптуу катчысы болуп комитеттин өкүлү саналат.
5.3. Комитеттин ишин төрага жетектейт. Комитеттин жыйналыштарыанын жетекчилиги алдында зарылдыгына жараша, бирок айына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
5.4. Жыйын комитеттин мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан көбүнүн катышуусу менен өткөрүлөт.
5.5.Комитеттин чечими комитеттин отурумуна катышкан мүчөлөрдүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
5.6. Добуштар теӊ чыккан учурларда комитеттин төрагасынын добушу чечүүчү добуш болуп саналат.
5.7. Комитеттин төрагасы жок болгон учурда, анын ыйгарым укуктарын комитеттин жыйналышында көпчүлүк добуш менен шайланган комитеттин мүчөлөрүнүн бири аткарат.
5.8. Комитеттин жыйналышында протокол жазылат, анда бардык кабылалынган чечимдер белгиленет. Протоколго комитеттин төрагасы жанажооптуу катчысы кол коет.
5.9. Комитеттин мүчөлөрү зарыл болгон учурда, комитеттин чечимдеринин долбоорлору боюнча корутундуларды даярдоого, кезексиз жана көчмө жыйналыштарды чакыруу боюнча сунуштарды киргизүүгө укуктуу.
5.10. Комитеттин жооптуу катчысы комитеттин отурумунун күн тартибин түзүүнү, аны комитеттин мүчөлөрүнө маалымдоону, комитеттин отурумунда кароого жумушчу материалдардын көрсөтүлүшүн, документтердин комитеттин мүчөлөрүнө жиберилишин, комитеттин чечимдеринин аткарылышын контролдоону ишке ашырат.
5.11. Комитеттин чечимдери комитеттин бардык мүчөлөрүнө, башка кызыкдар тараптарга тааныштыруу үчүн жиберилет.
5.12. Комитеттин чечимдери тиешелүү уюмдар жана мекемелер тарабынан белгиленген тартипте каралат.
5.13. Комитеттин ишин токтотуу жөнүндө чечим комитеттин мүчөлөрүнүн чечими боюнча ишке ашырылат.