Редакцияот 30.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КөК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы

2023-жылдын 30-январы № 9/3

 “Алтын-Тастар булагы” суу пайдалануучулар бирикмесинин

2023-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө

 

         Көк-Жар айыл аймагынын “Алтын-Тастар булагы” суу пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы З.Муканов  жана эсепчиси  Г. Сакенованын 2022-жылы аткарган иштерин жана чогулткан салыктарынын маалыматын угуп жана талкуулап Көк-Жар айыл аймагынын айылдык Кеңеши  токтом кылат:

1. “Алтын-Тастар булагы” суу пайдалануучулар бирикмесинин аткарган иштери канааттандыраарлык деп табылсын жана мындан ары дагы иштери жакшыртылсын.

2. Көк-Жар айыл аймагынын “Алтын-Тастар булагы” суу пайдалануучулар бирикмесинин 2023-жылга бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгү 396000 (үч  жүз токсон алты  миң ) сом өлчөмүндө бекитилсин.

3. Каралган бюджеттин аткарылышына жана чыгымдалышына көзөмөл жүргүзүү жагы эсепчи Г. Сакеновага милдеттендирилсин.                                                            

 

Төрага:

А. Кадыракунов