Загрузка документа…
КөК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2023-жылдын 30-январы № 9/4
Жайыт акыларын райондук бирдиктүү тарифке келтирүү
жөнүндө
Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын № 01-9/2105 “Район аймагында жайыт акыларынын бирдиктүү тарифин кабыл алуу жөнүндө” каты менен кайрылган сунушун талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34 жана 39 беренелеринин негизинде, Көк-Жар айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Көк-Жар айыл аймагындагы жайыт акылары райондук бирдиктүү тарифке келтирилсин.
2. Көк-Жар айыл аймагындагы жайыт акылары төмөндөгүдөй тарифте белгиленсин:
- Уй жана жылкыга - 100 (жүз) сом - 1 жылга;
- Кой-эчкиге - 20 (жыйырма) сом - 1 жылга;
- Топозго - 150 (жүз элүү) сом - 1 жылга.
3. Жайыт комитетинин бюджетинин киреше бөлүгүн толук аткаруу жана чыгымдоолорду мыйзамга ылайык жүргүзүү жагы, жайыт комитетинин төрагасына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Көк-Жар айыл аймагынын башчысы Ж.Сабыржановго тапшырылсын.
Төрага: | А. Кадыракунов |