КөК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2023-жылдын 30-январы № 9/5
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2022-жылга аткарган иштеринин маалыматын угуу жана 2023-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Көк-Жар айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2022-жылга аткарган иштеринин маалыматын угуп жана 2023-жылга карата бюджетин бекитүү максатында Көк-Жар айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Көк-Жар айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2022-жылга аткарган иштеринин маалыматын угуп, талкуулап аткарган иштери канааттандыраарлык деп табылсын.
2.Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2023-жылга бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгү 412000 (төрт жүз он эки миң ) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Каралган бюджеттин аткарылышы максатка ылайык чыгымдалышын камсыз кылуу жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин эсепчиси Ж.Мамбеткеримовага милдеттендирилсин.
Төрага: | А. Кадыракунов |