Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 157 Жарлыгына) |
Кыргыз Республикасында ырайым кылуу тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо менен кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон жана сот тарабынан дайындалган жаза өтөп жаткан адамдардын ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтөрүн кароо тартиби жана жол-жобосу аныкталат.
2. Ырайым кылуу - бул соттолгон адамды сот тарабынан дайындалган жазадан толугу менен же жарым-жартылай бошотуу.
3. Ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтөр соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин соттолгон адамдардын жеке өтүнүчтөрү боюнча каралат.
4. Ырайым кылуу белгилүү бир адамга карата жекече жүзөгө ашырылат.
5. Ырайым кылуу же ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтү четке кагуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен кабыл алынат.
6. Кыргыз Республикасынын Президенти ырайым кылуу актысы менен төмөнкүлөрдү жүзөгө ашыра алат:
1) адамды жазанын калган бөлүгүн өтөөдөн бошотуу;
2) өмүр бою эркиндигинен ажыратуу жазасын 20 жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен алмаштыруу;
3) сот тарабынан пробациялык көзөмөл же жазасын өтөөдөн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу жазасы колдонулгандан башка учурларда, эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазанын мөөнөтүн белгилүү бир мөөнөткө кыскартуу.
2-глава. Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссия
7. Кыргыз Республикасынын Президенти ырайым кылуу маселелерин алдын ала кароо үчүн Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) түзөт.
8. 9 адамдан турган Комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилет.
9. Комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынан, коомдук бирикмелердин жана улуттук-маданий борборлордун өкүлдөрүнөн түзүлөт.
10. Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жана башка мамлекеттин жарандыгына ээ болбогон Кыргыз Республикасынын жарандары Комиссиянын мүчөлөрү боло алат.
11. Кылмыш жазасына тартылган же соттуулугу жоюлганына, же болбосо алынганына карабастан мурда соттолгон жарандар Комиссиянын мүчөлөрү боло албайт.
12. Комиссиянын төрагасы жана анын орун басары ачык добуш берүү жолу менен Комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен шайланат.
13. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, ушул Жобону жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарын жетекчиликке алат.
3-глава. Комиссиянын функциялары
14. Комиссия өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүлөрдү карайт:
1) Кыргыз Республикасынын соту тарабынан соттолгон адамдардын ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтөрүн;
2) башка мамлекеттердин соттору тарабынан соттолгон жана Кыргыз Республикасынын аймагында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан адамдардын ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтөрүн.
15. Комиссия Кыргыз Республикасынын Президентине төмөнкүлөр жөнүндө сунуштарды киргизет:
1) адамды жазанын калган бөлүгүн өтөөдөн бошотуу жөнүндө;
2) өмүр бою эркиндигинен ажыратуу жазасын 20 жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен алмаштыруу жөнүндө;
3) сот тарабынан пробациялык көзөмөл же жазасын өтөөдөн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу жазасы колдонулгандан башка учурларда, эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазанын мөөнөтүн белгилүү бир мөөнөткө кыскартуу жөнүндө;
4) ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтү четке кагуу жөнүндө.
4-глава. Комиссиянын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары
16. Комиссиянын мүчөсү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Комиссиянын жыйналыштарына катышууга;
2) Комиссиянын кароосуна сунушталган материалдар менен алдын ала таанышууга;
3) Комиссиянын жыйналыштарында коюлган маселенин мазмунун кароодо жүйөлөштүрүлгөн жана негиздүү далилдерди келтирүү менен өз пикирин билдирүүгө;
4) добуш берүү жолу менен чечим кабыл алууга катышууга;
5) Комиссиянын чечимдерине кол коюуга.
17. Комиссиянын мүчөсү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Комиссиянын компетенциясына кирген маселелерди кароодо калыс жана объективдүү болууга;
2) Комиссиянын иши жөнүндө купуя маалыматтарды, ошондой эле соттолгон адамдар боюнча материалдарда камтылган маалыматтарды жана дайындарды ачыкка чыгарбоого;
3) эгерде ал соттолгон адамдын жакын тууганы болсо, же болбосо өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда анын кызыкчылыктарын коргосо, Комиссиянын жыйналышынын күн тартибине киргизилген маселени кароодо өзү баш тартууга.
5-глава. Комиссиянын ишин уюштуруу
18. Комиссиянын жыйналыштарын Комиссиянын төрагасы же анын орун басары өткөрөт.
19. Комиссиянын жыйналышы анын иштеп жаткан курамынын үчтөн экиси, башкача айтканда 6 адамдан кем эмес катышкан учурда укуктуу деп эсептелет.
20. Комиссиянын чечими катышкан мүчөлөрүнүн санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
21. Добуштардын саны тең чыккан учурда төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү деп саналат.
22. Комиссиянын чечими протокол менен таризделип, ага төрагалык кылуучу жана Комиссиянын бардык катышкан мүчөлөрү кол коет.
23. Комиссиянын жыйналыштарында добуш берүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын (мындан ары - Жазаларды аткаруу кызматы) кылмыш-жаза жана жазык-аткаруу мыйзамдарын сактоо маселелерин тескеген түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчиси кызмат ордунан төмөн болбогон ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышат.
24. Комиссиянын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизүү үчүн ырайым кылуу же андан баш тартуу материалдарын алдын ала даярдоо жана кароо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын жана тескемелеринин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын штатында турган Комиссиянын жооптуу катчысына жүктөлөт. Мында жооптуу катчы, ошондой эле ырайым кылуу маселелери боюнча катчылыктын эксперти жүктөлгөн
ыйгарым укуктарынын алкагында Комиссия тарабынан кабыл алынган чечимдерге жооптуу болуп саналбайт.
25. Жооптуу катчы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) тиешелүү мамлекеттик органдардан, коомдук бирикмелерден, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана алардын коллегиалдык органдарынан ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтөрдү кароо үчүн зарыл болгон материалдарды жана маалыматтарды, ошондой эле ырайым кылуу актысын колдонуунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө алардын пикирин кошумча суроого.
Мында мамлекеттик органдардын жана түзөтүү мекемелеринин жана пробация органдарынын ишин контролдоо боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы байкоочу комиссиялардын корутундулары сунуштоочу гана мүнөздө болот;
2) ыйгарым укуктуу органдарга ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтөрдү кароо үчүн маанилүү болгон айрым маселелер боюнча тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө тапшырма берүүгө;
3) ырайым кылуу чөйрөсүндөгү ишин жакшыртуу боюнча сунуштарды андан ары иштеп чыгуу максатында түзөтүү мекемелеринин жана пробация органдарынын ишин контролдоо боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы байкоочу комиссиялардын жана жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү башка ыйгарым укуктуу органдардын ишине зарыл болгон учурда мониторинг жүргүзүүгө;
4) зарыл болгон учурда түзөтүү мекемелеринин жана пробация органдарынын ишин контролдоо боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы байкоочу комиссиялар жана башка ыйгарым укуктуу органдар тарабынан ырайым кылуу маселелерине байланыштуу материалдарды кароодо катышууга.
6-глава. Соттолгон адамдардын ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтөрдү кайталап берүүсү
26. Белгилүү бир мөөнөткө соттолгон адамдардын ырайым кылуу жөнүндө кайталанган өтүнүчтөрү көңүлгө ала турган жаңы жагдайлар болбогондо, сот тарабынан дайындалган жазанын мөөнөтүнүн жарымы өткөндөн кийин киргизилиши мүмкүн. Сот тарабынан дайындалган жазанын мөөнөтүнүн жарымы өткөн жана көңүлгө ала турган жаңы жагдайлар болбогон учурда - Кыргыз Республикасынын Президентинин ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтү четке кагуу жөнүндө Жарлыгына кол коюлган учурдан тартып 1 жыл өткөндөн кийин.
27. Өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамга ырайым кылуу жөнүндө өтүнүч четке кагылган учурда кайталанган өтүнүч, көңүлгө ала турган жаңы жагдайлар болбогондо Кыргыз Республикасынын Президентинин ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтү четке кагуу жөнүндө Жарлыгына кол коюлган учурдан тартып он жыл өткөндөн кийин киргизилиши мүмкүн.
28. Жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттөр өткөнгө чейин келип түшкөн өтүнүчтөр кароосуз кайтарылып берилет.
7-глава. Ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтөрдү кароодо көңүлгө алынуучу жагдайлар
29. Ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтөр соттолгондордун жеке өтүнүчтөрү боюнча жана өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин гана каралат. Өкүмдү кандайдыр бир жагдайлар боюнча кайра кароо же "Мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонуу учурунда материалдар өзгөртүүлөр менен же ансыз соттун акыркы чечими чыгарылганга чейин каралбастан кайтарылып берилет.
30. Ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтү кароодо төмөнкүлөр көңүлгө алынат:
1) жасалган кылмыштын оордугу, мүнөзү жана коомдук коркунучунун даражасы;
2) соттолгондун ким экендиги жана анын жазаны өтөп же жазаны аткарып жаткан убактагы жүрүм-туруму;
3) өтөлгөн (аткарылган) жазанын мөөнөтү;
4) кылмыш менен келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу;
5) түзөтүү мекемесинин администрациясынын, түзөтүү мекемелеринин жана пробация органдарынын ишин контролдоо боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы байкоочу комиссиялардын, Балдар иштери боюнча комиссиянын, коомдук уюмдардын жана эмгек жамааттарынын пикири;
6) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго карата материалдар боюнча корутундусу;
7) ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтү кароо үчүн башка олуттуу жагдайлар.
8-глава. Көңүлгө аларлык жагдайлар же өтүнүчтөр
31. Сот тарабынан дайындалган жаза мөөнөтүнүн бир аз бөлүгүн өтөгөн соттолгондорго ырайым кылуу жөнүндө кайталанган өтүнүчтөр, ошондой эле оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгон адамдарга ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтөр Комиссиянын кароосуна көңүлгө аларлык жагдайлар жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын, прокуратура, улуттук коопсуздук, жаза-аткаруу системасынын органдарынын, коомдук уюмдардын же эмгек жамааттарынын өтүнүчтөрү болгондо гана киргизилет.
32. Соттолгондун үй-бүлөсүнүн, анын жакын туугандарынын ыйгарым укуктуу аймактык органдардын тиешелүү документтери менен ырасталган анын жардамына муктаж болгон оор турмуштук абалы, соттолгондун ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык корутундулар, соттолгондун социалдык, коомдук коркунучунун жоголушу, ошондой эле жабыр тарткан адамдардын, алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн же туугандарынын соттолгонго ырайым кылуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуулары көңүлгө аларлык жагдайлар болушу мүмкүн.
9-глава. Ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтөрдү киргизүү тартиби
33. Ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтөр соттолгондор тарабынан түзөтүү мекемесинин администрациясы аркылуу берилет, анда өтүнүчтөр келип түшкөн учурдан тартып 14 жумуш күндүн ичинде таризделген материалдар Жазаларды аткаруу кызматынын борбордук аппаратына өткөрүп берилет.
Түзөтүү мекемесинин администрациясы соттолгонго анын өтүнүчү Жазаларды аткаруу кызматынын борбордук аппаратына жөнөтүлгөндүгү жөнүндө кабарлайт, ал атайын журналда белгиленет.
34. Жазаларды аткаруу кызматы ырайым кылуу жөнүндө таризделген материалдарды текшергенден кийин 14 жумуш күндүн ичинде аларды Жазаларды аткаруу кызматынын жетекчисинин колу коюлган коштомо кат менен Комиссиянын кароосуна жиберет. Ал эми эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларга соттолгон адамдарга карата Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинин жетекчисинин колу менен.
35. Соттолгонго ырайым кылуу жөнүндө материал милдеттүү түрдө төмөнкү документтерди камтууга тийиш:
1) соттолгондун ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчү же арызы;
2) мекеменин администрациясы тарабынан күбөлөндүрүлгөн ким экендигин ырастоочу документтин көчүрмөсү (болсо);
3) мыйзамдуу күчүнө кирген бардык сот актыларынын мекеменин администрациясы тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
4) администрациянын пикирин көрсөтүү менен соттолгондун иши жана жүрүм-туруму жөнүндө толук мүнөздөмөлөр;
5) соттолгондун сыйлоолорунун жана жазаларынын бар/жок экендиги жөнүндө маалымкат;
6) соттолгондун ден соолугунун абалы жөнүндө маалымкат;
7) материалдык зыяндын болушу же ордун толтуруу жөнүндө маалыматтар;
8) бирдиктүү белгиленген формадагы анкета (тиркеме);
9) ырайым кылуу жөнүндө мурда берилген өтүнүчтөрдү кароонун натыйжалары жөнүндө маалыматтар, эгерде алар мурда берилсе;
10) мунапыс берүү жөнүндө актыларды колдонуу жөнүндө маалыматтар;
11) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы байкоочу комиссиянын же Балдар иштери боюнча комиссиянын жыйналышынын соттолгондун өтүнүчүнүн маңызы боюнча негизделген чечимди көрсөтүү менен протоколу;
12) ырайым кылуу жөнүндө маселени кароо үчүн мааниге ээ болгон башка документтер жана маалыматтар.
36. Ар бир келип түшкөн ырайым кылуу жөнүндө өтүнүч ага тиркелген материалдар менен иши тиешелүү Жобо менен жөнгө салынуучу Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын катчылыгы (мындан ары - Комиссиянын катчылыгы) тарабынан андан ары Комиссиянын кароосуна берүү үчүн изилденет.
37. Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча Комиссиянын катчылыгы ырайым кылуу жөнүндө материалдар келип түшкөн күндөн тартып:
1) Комиссиянын кароосу үчүн материалдарды кабыл алат;
2) эгерде документтерди берүүдө же тариздөөдө ушул Жобону бузууга жол берилген болсо, кемчиликтерди жоюу үчүн материалдарды кароосуз кайра кайтарат. Мында ырайым кылуу жөнүндө өтүнүч аныкталган кемчиликтер жоюлгандан кийин кайра берилиши мүмкүн.
38. Кыргыз Республикасынын Президентинин дарегине келип түшкөн өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдардын ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтөрү Комиссиянын кароосуна киргизилгенге чейин Комиссиянын катчылыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүлөт, алар бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен өздөрүнүн тиешелүү корутундуларын берет.
39. Текшерүүгө муктаж болгон соттолгондугунун негизсиздигине же башка мыйзам бузууларга шилтемелерди камтыган ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтөрдү кароодо алар прокуратура органдарына жана сотторго алдын ала жиберилет.
40. Ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтөр Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна Комиссиянын соттолгондорго ырайым кылууну колдонуу же алардын ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтөрүн четке кагуу жөнүндө сунуштары болгон учурда киргизилет, алар протокол менен таризделет.
10-глава. Кыргыз Республикасынын Президентинин ырайым кылуу маселелери боюнча актыларын аткаруу
41. Кыргыз Республикасынын Президентинин эркинен ажыратууга соттолгон адамдарга карата ырайым кылуу жана ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтөрдү четке кагуу жөнүндө жарлыктары аткаруу үчүн Жазаларды аткаруу кызматына, ал эми эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жазаларга соттолгон адамдарга карата - Кыргыз Республикасынын пробация органдарына жиберилет.
42. Кыргыз Республикасынын Президентинин эркинен ажыратууга соттолгон адамдарга карата ырайым кылуу жана ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтөрдү четке кагуу жөнүндө жарлыктары алар алынган күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен кол койдуруу менен соттолгондорго жарыяланат. Соттолгон адам кол койгон тилкат Комиссиянын катчылыгына жөнөтүлөт.
|
| Кыргыз Республикасында ырайым кылуу тартиби жөнүндө жобонун тиркемеси |
АНКЕТА
Соттолгондун аты-жөнү: _______________________________________________________
Туулган датасы: ______________________________________________________________
Мурда соттолгондугу тууралуу маалыматтар: ____________________________________
Билими: ____________________________________________________________________
Үй-бүлөлүк абалы: ___________________________________________________________
Улуту: ______________________________________________________________________
Жазасын өтөгөн жер: __________________________________________________________
Соттолгон: ___________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________
Жазасын өзгөртүү: ____________________________________________________________
_____________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________
Кылмыштын классификациясы: ________________________________________________
Жаза мөөнөтүнүн башталышы: _________________________________________________
Өтөлгөн мөөнөтү: _____________________________________________________________
Өтөлө элек мөөнөтү: __________________________________________________________
Жаза мөөнөтүнүн аякташы: ____________________________________________________
Мүнөздөмөсү: ________________________________________________________________
Байкоо комиссиясынын корутундусу: ____________________________________________
Кылмышты кыскача баяндоо: __________________________________________________
Ден соолугунун абалы жөнүндө маалыматтар: ____________________________________
Кошумча маалымат: ___________________________________________________________
_____________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________