Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 13-июну № 311
Ош облусунун Өзгөн шаарында жайгашкан "Айчүрөк" кинотеатрынын имаратын жанаша жайгашкан аянты 0,23 га жер участогу менен Өзгөн шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
Маданиятты, искусствону өнүктүрүүгө дем берүү жана калк үчүн пайдалануунун талаптагыдай шарттарын камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 8-статьяларына ылайык, Өзгөн шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 26-мартындагы № 30/2 токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин Өзгөн райондук мамлекеттик кинодирекциясы" мекемеси менен биргеликте Ош облусу, Өзгөн району, Өзгөн шаары, Мирзахимов көчөсү, 1 дареги боюнча жайгашкан "Айчүрөк" кинотеатрынын имаратын (идентификациялык номери 5-06-18-0002-1513) жанаша жайгашкан аянты 0,23 га жер участогу менен калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү жана андан ары эксплуатациялоо үчүн Өзгөн шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Өзгөн шаарынын мэриясына төмөнкүлөр сунушталсын:
1) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жанаша жайгашкан жер участогу менен өткөрүп берилүүчү имаратты муниципалдык менчикке кабыл алуу жана сакталышын камсыз кылуу;
2) жанаша жайгашкан жер участогу менен имаратты белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоо жана аны кинофильмдерди ачык көрсөтүү үчүн пайдалануу;
3) жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен толук капиталдык оңдоо жана шарттарды түзүү;
4) жанаша жайгашкан жер участогу менен өткөрүп берилүүчү имаратты келечекте ээликтен ажыратпоо, аны күтүүнү жана андан ары тейлөөнү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен камсыз кылуу.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 21-июнундагы № 46 (3599) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |