Редакцияот 30.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КөК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IXсессиясы

2023-жылдын 30-январы № 9/11

Көк-Жар айыл аймагындагы кызмат көрсөткөн коомдук

бирикмелердин тарифтери жөнүндө         

 

       Көк-Жар айыл аймагында ирригациялык системаларды, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын эксплуатациялоону, күтүүнү жана өнүктүрүүнү камсыз кылуу, таштанды чыгарууну уюштуруу, ошондой эле жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын жакшыртуу максатында алынуучу төлөмдөрдү жыйноонун, башкаруунун жана бөлүштүрүүнүн бирдиктүү системасын түзүү жана коомдук бирикмелердин кызмат тарифтерин жөнгө салуу максатында жана Кыргыз Республикасынын  «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34 жана 39 беренелеринин негизинде, Көк-Жар айылдык Кеңеши токтом кылат:    

                                                         

1.              Көк-Жар айыл аймагынын Элдик жыйындын 5-апрель 2022-жылдагы №2 Протоколдун токтомунун  негизинде, “Райымбек-Баба” СПАнын сугат суу акысынын тарифи - 1 га жерге - 400 сом өлчөмүндө бекитилсин.

2.              Көк-Жар айыл аймагындагы “ Алтын тастар булагы” ИСКАКБнын калкты таза суу менен камсыз кылуу акысынын тарифи -1 түтүнгө -100 сом өлчөмүндө бекитилсин.

3.              Көк-Жар айыл аймагындагы каттуу тиричилик калдыктарын (КТК) чыгаруу акысын 1 түтүнгө- 150сом өлчөмүндө бекитилсин.   

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Көк-Жар айыл аймагынын башчысы  Ж.Сабыржановго тапшырылсын.

 

Төрага:

А. Кадыракунов