Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 12-февралы № 8
Жол алдында калган жерлерди трансформация кылуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Улуттук өнүктүрүү стратегиясынын алкагында курулуп жаткан түндүк-түштүк альтернативдүү Балыкчы-Жалал-Абад автомобиль жолдорун куруу долбоорун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 21.05.2004-жылдагы №374 токтомунун негизинде курулуп жаткан жолго туш келген менчик огородторду, жайыт жерлерди, кайрак айдоо аянттарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19-март 2014-жылдагы №169 токтомунун негизинде трансформациялоо боюнча маселени угуп жана талкуулап,
Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги ХХХXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы жолго туш келген 282+924 километриндеги жер же жалпы аянты 13,6га айыл чарба багытындагы жерлер категориясындагы жер тилкелери трансформациялансын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Н.Нарматовага тапшырылсын.
Көк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы: |
С.Топоев |