Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2024-жылдын 18-июну № 336-т
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында:
1. 2024-жылдын 12-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган 1996-жылдын 6-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик чек арада өткөрүү пункттарын ачуу жана алардын режими жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кошумча макулдашууну түзгөн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин ортосундагы алмашуу ноталарына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жогоруда аталган Алмашуу ноталарын ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-июнундагы № 336-т тескемеси менен жактырылган |
2024-жылдын 12-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган 1996-жылдын 6-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик чек арада өткөрүү пункттарын ачуу жана алардын режими жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кошумча макулдашууну түзгөн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин ортосундагы алмашуу ноталарына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Алмашуу ноталары Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети - Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 227-т тескемеси менен жактырылган.
Алмашуу ноталарында кыргыз-кытай чек арасында "Бедел" өткөрүү пунктун ачуу каралган, ал өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатууга, товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө жана эки өлкөнүн ортосундагы соода мамилелерин өнүктүрүүгө, анын ичинде "Бир алкак - бир жол" долбооруна Кыргыз Республикасынын катышуусунун алкагында эки өлкөнүн чек ара кызматташтыгына оң таасирин тийгизет.
Мындан тышкары, "Бедел" өткөрүү пунктун түзүү 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планында, 2022-2024-жылдар аралыгындагы Кытай Эл Республикасына иш сапарларынын жыйынтыгы боюнча мамлекет башчыларынын ортосунда жетишилген макулдашууларда каралган.
Ошондой эле Алмашуу ноталары кошумча өткөрүү пунктун ачууга мүмкүндүк берет, ал иштеп жаткан Кашгар-Торугарт-Нарын-Бишкек транспорттук коридоруна салыштырмалуу КЭР СУАРдан Кыргыз Республикасына товарларды жеткирүү мөөнөтүн кыскартуу жолу менен соода-логистикалык инфраструктураны түзүүгө жана өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизет.
Көрүлүүчү чаралар товар жүгүртүүнү бир нече эсеге көбөйтүүнү болжолдойт, бул биздин өлкөлөрдүн ортосундагы соода мамилелерине жана өз ара пайдалуу кызматташууну бекемдөөгө сөзсүз жакшы таасир этет.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык ушул Алмашуу ноталары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет.
Алмашуу ноталарын ратификациялоо кандайдыр бир терс социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык, финансылык-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.
Алмашуу ноталары Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана колдонуудагы мыйзамдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине ылайык келет.
Ушул Мыйзамды кабыл алуу ЕАЭБдин бажы чек арасындагы өткөрүү пункттарына карата ЕАЭБдин талаптарына ылайык жаңы инфраструктураны түзүү үчүн, чек арада контролдоо функциясын жүзөгө ашыруучу тиешелүү кызматтардын өздүк курамынын штаттык санын бөлүп берүү үчүн республикалык бюджеттен 77857,4 (жетимиш жети миллион сегиз жүз элүү жети миң төрт жүз) сом суммасында финансылык чыгымдар каралат.