Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нарын шаардык кеңешинин V чакырылыштагы кезектеги XXXVI сессиясы
2024-жылдын 14-июну №6
Нарын шаардык суу канал ишканасынын “Суу менен камсыздоо жана саркынды сууну агызып чыгаруу кызматын көрсөтүү боюнча” Айкын келишимин бекитүү жөнүндө
"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34-беренелерине, "Ичүүчү суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык, ичүүчү сууну керектөөнү эсепке алууну системалаштыруу, сууну пайдалануу жана саркынды сууларды чыгаруу үчүн акы төлөөнү тартипке келтирүү, ошондой эле суу ресурстарын үнөмдөөгө дем берүү максатында Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
1. Нарын шаарында суу менен камсыздоо жана (же) канализация кызматтарын көрсөтүү боюнча мамлекеттик келишими тиркемеге ылайык бекитилсин. (1-тиркеме).
2. Суу менен камсыздоо жана канализация кызматтарын көрсөтүүгө ачык контракт, мамлекеттик жана расмий тилдердеги келишими бекитилсин.
3. Келишим 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаарынын мэрине жана Нарын суу канал муниципалдык ишканасына жүктөлсүн.
Төрага | А.Молдосалиев |
Тиркеме 1
Суу менен камсыздоо жана (же) саркынды сууну агызып чыгаруу кызматын көрсөтүүгө айкын келишими
Суу менен камсыздоо жана (же) саркынды сууну агызып чыгаруу кызматын көрсөткөн Нарын «Сууканал» ишканасы, мындан ары «Жеткирип берүүчү» деп аталган, бир тараптан, жана суу менен камсыздоо жана (же) саркынды сууну агызып чыгаруу кызматын пайдаланган же пайдаланууну ниет кылган жеке жак, мындан ары «Керектөөчү» деп аталган, экинчи тараптан, төмөндөгүлөр жөнүндө ушул келишимди (мындан ары «келишим») түзүштү:
1. КЕЛИШИМДИН ПРЕДМЕТИ
1.1. Ушул Келишимдин шарттарына ылайык Жеткирип берүүчү Керектөөчүгө суу менен камсыздоо жана (же) саркынды суу чыгаруу кызматтарын көрсөтүүгө милдеттенет, ал эми Керектөөчү көрсөтүлгөн кызматтарга ушул Келишимде белгиленген мөөнөттө, тартипте жана өлчөмдө акы төлөөгө милдеттенет.
1.2. Ушул Келишим Нарын шаарынын аймагындагы батирди, жеке турак үйдү борбордоштурулган суу менен камсыздоо жана саркынды сууну агызып чыгаруу системасына туташтырган учурдан тартып келип чыккан мамилелерге карата колдонулат.
1.3. Суу менен камсыздоо жана (же) саркынды сууну агызып чыгаруу кызматтары үчүн Керектөөчү менен эсептешүү эсепке алуу приборлору боюнча жүргүзүлөт. Эсепке алуу приборлору жок болгон учурда эсептөө Жеткирип берүүчү тарабынан бекитилген суу керектөөнүн жана саркынды сууну агызып чыгаруунун ченемдери боюнча жашагандардын санына ылайык жүргүзүлөт.
2. ТАРАПТАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ
2.1. Жеткирип берүүчү милдеттенет:
2.1.1. келишимдин шарттарына жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык Керектөөчүгө суу менен камсыз кылуу жана (же) саркынды сууну агызып чыгаруу кызматтарын көрсөтүүнү камсыз кылуу;
2.1.2. ичүүчү суунун коопсуздугун жана зыянсыздыгын жана анын бекитилген санитардык талаптарга жана эрежелерге ылайык келишин камсыз кылуу;
2.1.3. пландаштырылып жаткан суу берүүнү жана саркынды сууну кабыл алууну токтотуу чектөөлөрү (авариялык кырдаалдан тышкары) жөнүндө Керектөөчүгө кабарлоо;
2.1.4. суу керектөө тарифинин жана ченемдеринин өзгөргөндүгү жөнүндө Керектөөчүгө алар бекитилгенден кийин 5 сутка ичинде жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу маалымдоо.
2.2. Жеткирип берүүчү укуктуу:
2.2.1. суу түтүк жана канализация тармактарынын жана Керектөөчүнүн жабдууларынын абалын текшерүү аркылуу сууну керектөөгө жана саркынды сууну агызып чыгарууга контроль жүргүзүүгө;
2.2.2. карыз болгон учурда 5 сутка мурун жазуу жүзүндөгү эскертүүдөн кийин Керектөөчүнү суу түтүгүн жана канализацияны пайдалануудан ажыратууга;
2.2.3. шаардык кошулган суу түтүк жана канализация тармактарына уруксатсыз кошулуу, жашыл бак-дарактарды сугаруу учурунда Керектөөчүнү суу түтүктөрүн жана канализацияны пайдалануудан ажыратуу жана түтүк кесилиши боюнча суунун чыгымы жана саркынды сууларды кабыл алуу үчүн чегерүү: аныкталган бузуу актысынын негизинде күнү-түнү өзү билемдик менен кошкондугу үчүн 1 м/с, сугаруу үчүн 1 м/с;
2.2.4. Жеткирип берүүчүнүн кызматкерлери тарабынан Жеткирип берүүчүнүн суу түтүк жана канализация тармактарынын жана жабдууларынын, эсепке алуу приборлорунун абалын текшерүүгө Керектөөчү тоскоол болгон учурда Керектөөчүнү суу түтүгүн жана канализацияны пайдалануудан өчүрүүгө;
2.2.5. жашаган ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн санынын курамын текшерүүгө. Керектөөчүдө катталбаган адамдар аныкталганда ал акыркы пландуу текшерүү жүргүзүлгөн күндөн тартып жашаган адамдардын санынын өзгөрүшү жөнүндө Керектөөчүнүн арызы берилген учурга чейин эсепке алынбаган адамдар үчүн акы төлөйт.
2.3. Керектөөчү милдеттенет:
2.3.1. суу менен камсыздоо жана (же) саркынды сууну агызып чыгаруу кызматын Жеткирип берүүчүгө эсеп-билдирүү берилгенден кийин 10 күн ичинде төлөөгө;
2.3.2. ичүүчү сууну сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылууга жана ичүүчү сууну жоготуулардын бардык түрлөрүн азайтуу боюнча чараларды көрүүгө Батир ичиндеги приборлордо ичүүчү суу агып калган учурда Керектөөчү 3 күндүн ичинде аларды (агып калууну) оңдоого милдеттүү;
2.3.3. эсепке алуу приборлорунун көрсөткүчтөрүн ар бир айдын 25ине чейин алууга жана Жеткирип берүүчүгө берүүгө. Эсепке алуу приборлору иштебеген же бузулган учурда сарпталган суунун жана саркынды суунун өлчөмү өткөн 2 айдагы орточо суткалык чыгым боюнча аныкталат;
2.3.4. Керектөөчү арыз берген күндөн тартып ичүүчү сууну пайдалангандыгы үчүн кайра эсептөөдө колдонулганын ырастоочу документти берүү менен жашаган адамдардын кеткендиги же келгендиги жөнүндө Жеткирип берүүчүгө жазуу жүзүндө билдирүү;
2.3.5. суу түтүк жана канализация тармактарын жана жабдууларды, эсептөө приборлорун техникалык оң абалда кармоого жана андагы пломбалардын бүтүндүгүн камсыз кылууга;
2.3.6. Саат 7ден саат 20га чейинки мезгилде сууну эсептөө приборлоруна жана контролдук функцияларды аткаруу үчүн Жеткирип берүүчүнүн кызматкерлерине тоскоолдуксуз кирүүнү камсыз кылууга;
2.3.7. көрсөткүчтөрдүн аныктыгы, ичүүчү сууну эсептөө приборлорунун сакталышы үчүн жоопкерчилик тартууга.
3. ТАРАПТАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИГИ
3.1. Ушул Келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн Тараптар ушул Келишимдин шарттарына жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдерине ылайык жоопкерчилик тартышат.
3.2. Суу менен камсыздоо жана (же) саркынды сууну агызып чыгаруу кызматтары үчүн акы өз убагында төлөнбөгөн учурда Керектөөчү карыздын суммасынан ар бир кечиктирилген күн үчүн 0,1% өлчөмүндө туум төлөйт.
3.3. Суу менен жабдуу жана (же) саркынды сууну агызып чыгаруу системасын долбоордук документтер менен расмий тастыктоосуз ар кандай кайра жабдуу, суу менен жабдуу жана (же) саркынды сууларды чыгаруу тармактарына өзү билемдик менен кошулуу, агып калууларды четтетпөө, жашыл бак-дарактарды сугаруу ушул Келишимди бузуу болуп саналат.
4. КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР
4.1. Тараптардын ортосунда жаралышы мүмкүн болгон бардык талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын негизинде сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет.
4.2. Сүйлөшүүлөр процессинде талаштуу маселелер жөнгө салынбаганда алар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген тартипте сотто чечилет.
4.3. Ушул Келишимде белгиленбеген башка бардык учурларда тараптар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын жетекчиликке алышат.
Публичный договор
на предоставление услуг водоснабжения и (или) водоотведения
Нарынское предприятие «Водоканал», предоставляющее услуги водоснабжения и (или) водоотведения, именуемое в дальнейшем «Поставщик», с одной стороны, и физическое лицо, пользующееся или намеревающееся пользоваться услугами водоснабжения и (или) водоотведения, именуемое в дальнейшем «Потребитель», с другой стороны, а вместе именуемые Стороны, заключили настоящий договор (далее – «договор») о нижеследующем:
1. ПРЕДМЕТ ДОГОВОРА
1.1. В соответствии с условиями настоящего договора Поставщик обязуется оказать Потребителю услуги водоснабжения и (или) водоотведения, а Потребитель обязуется оплачивать предоставленные услуги в сроки, порядке и размере, определенные настоящим договором.
1.2. Настоящий договор распространяет свое действие на отношения, возникшее с момента подключения квартиры, частного жилого дома на территории г.Нарын к системе централизованного водоснабжения и водоотведения.
1.3. Расчет с Потребителем за услуги водоснабжения и (или) водоотведенияпроивзодится по приборам учета. При отсутствии приборов учета расчет производиться в соответствии с количеством проживающих по утвержденным Поставщиком нормами водопотребления и водоотведения.
2. ПРАВА И ОБЯЗАННОСТИ СТОРОН
2.1. Поставщик обязуется:
2.1.1. обеспечить Потребителю поставку услуг водоснабжения и (или) водоотведения в соответствии с условиями договора и действующим законодательством Кыргызской Республики;
2.1.2. обеспечить безопасность и безвредность питьевой воды, и ее соответствие требованиям утвержденным санитарным требованиям и правилам;
2.1.3. уведомлять Потребителя о планируемых ограничениях (кроме аварийных ситуаций) прекращении подачи воды и приема сточных вод;
2.1.4. информировать Потребителя об изменении тарифа и норм водопотребления через местные средства массовой информации в течение 5 суток после их утверждения.
2.2. Поставщик имеет право:
2.2.1. осуществлять контроль за потреблением воды и сбросом сточных вод путем проведения осмотров состояния водопроводных и канализационных сетей и оборудования Потребителя;
2.2.2. отключать Потребителя от пользования водопроводом и канализацией при наличии задолженности после письменного предупреждения не менее чем за 5 суток;
2.2.3. в случае самовольного подключения к городским сетям водопровода и канализации, полива зеленых насаждений отключать Потребителя от пользования водопроводом и канализацией и произвести начисление за расход воды и прием стоков по сечению трубы: за самовольное подключение 1 м/с, за полив 1 м/с, круглосуточно в течение месяца на основании акта выявленного нарушения;
2.2.4. отключать Потребителя от пользования водопроводом и канализацией в случае воспрепятствования Потребителем осмотра со стороны работников Поставщика состояния водопроводных и канализационных Поставщика сетей и оборудования, приборов учета;
2.2.5. производить проверку состава численности проживающих Потребителей питьевой воды. При обнаружении незарегистрированных лиц у Потребителя последний оплачивает неучтенных лиц исчисляя со дня последней плановой проверки до момента подачи заявления Потребителя об изменении количества проживающих лиц.
2.3. Потребитель обязуется:
2.3.1. оплачивать Поставщику услуги водоснабжения и (или) водоотведения в течение 10 дней после выписки счет-извещения;
2.3.2. обеспечивать рациональное потребление питьевой воды и принимать меры по сокращению всех видов потерь питьевой воды. В случае появления утечек питьевой воды во внутриквартирных приборах Потребитель обязан устранить их (утечки) в течение 3 дней;
2.3.3. снимать и представлять Поставщику показания приборов учета до 25 числа каждого месяца. При неисправности или порче приборов учета, количество израсходованной воды и сточных вод определяется по среднесуточному расходу за предыдущие 2 месяца;
2.3.4. поставить в известность Поставщика о выбытии или прибытии проживающих лиц у Потребителя в письменной форме с представлением подтверждающего документа, что принимается при перерасчете за пользование питьевой воды со дня подачи заявления Потребителем;
2.3.5. содержать в техническом исправном водопроводные и канализационные сети и оборудование, приборы учета и обеспечивать целостность пломб на нем;
2.3.6. обеспечить беспрепятственный допуск работников Поставщика к приборам учета воды и для выполнения контрольных функций в период времени от «7» до «20» часов;
2.3.7. нести ответственность за достоверность показаний, сохранность приборов учета питьевой воды.
3. ОТВЕТСТВЕННОСТЬ СТОРОН
3.1. За неисполнение или ненадлежащее исполнение своих обязательств по настоящему Договору Стороны несут ответственность согласно условиям настоящего Договора и нормам действующего законодательства Кыргызской Республики.
3.2. В случае несвоевременной оплаты за услуги водоснабжения и (или) водоотведения Потребитель оплачивает пеню в размере 0,1% за каждый просроченный день от суммы долга.
3.3. Всякое переоборудование системы водоснабжения и (или) водоотведения без официального подтверждения проектной документацией, самовольное подключение к сетям водоснабжения и (или) водоотведения, не устранение утечек, полив зеленых насаждений являются нарушением настоящего Договора.