Редакцияот 07.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАКАЙ-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2024-жылдын 07-марты № 2

 

« Бакай-Ата айыл өкмөтү» мекемеси “Миң-Булак” айыл өкмөтү

мекемесине кошулуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 «Кыргыз Республикасынын аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө“ Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Бакай-Ата айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын 2-кезексиз сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын, Талас облусунун, Бакай-Ата районунун, “Миң-Булак” айыл өкмөтү мекемеси жана Кыргыз Республикасынын, Талас облусунун, Бакай-Ата районунун, “Бакай-Ата”айыл өкмөтүмекемеси бириктирүү жолу менен “Бакай-Ата айыл аймагынын айыл өкмөтү” болуп кайра түзүлүүгө уруксат берилсин.

2. Мекеменин мүлкүн инвентаризацииялоо жана өткөрүп берүү актысына кол коюу жагы “Миң-Булак” айыл өкмөтү мекемесинин башчысы Жумакеева Айгүл Зарлыковнага “Бакай-Ата” айыл өкмөтү мекемесинин башчысы Тынысов Урмат Алкановичке жүктөлсүн.

3.Ушул токтомдун аткарылшы боюнча көзөмөлдү өзүмө калтырам. 

 

 

Бакай-Ата айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы:

 

К. Атантаев