БАКАЙ-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 07-марты № 3
“Бакай-Ата айыл аймагынын айылдык кеңеши" мекемесинин регламентинин бектиүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 «Кыргыз Республикасынын аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" токтому жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын негизинде Бакай-Ата айыл аймагынын айылдык кеңеши"мекемесинин регламентин бектиүү жөнүндө маселени карап, талкуулап депутаттардын Бакай-Ата айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын 2-кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Бакай-Ата айыл аймагынын айылдык кеңеши" мекемесинин Регламенти кабыл алынсын.
2. 2021-жылдын 06- июнундагы Ленинполь айылдык аймактык кеңешинин VIII чакырылышынын 4-кезексиз сессиясында кабыл алынган “Ленинполь айылдык аймактык Кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө” № 2-токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Ушул токтом Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн “bakaiata.kg” расмий сайтына жарыялансын жана Талас облустук юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Бакай-Ата айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
| К. Атантаев |