Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нарын шаардык кеңешинин V чакырылыштагы кезектеги XXXVI сессиясы
2024-жылдын 14-июну №10
Нарын шаарындагы электробус каттамдарынын жүргүнчүлөр үчүн жол кире акысын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 14-пунктуна жана Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколуна ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Нарын шаарындагы электробус каттамдары үчүн жол кире акысы 1-4 –класстардын окуучуларына 5 (беш) сомго, ал эми жалпы жүргүнчүлөр үчүн 10 (он) сомго бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
Төрага | А.Молдосалиев |