Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2024-жылдын 4-апрели № 30
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Чүй, Сокулук, Каракол, Талас, Кадамжай, Алай жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
- Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын 27.03.2024-ж. № 3, № 4 - Чүй облусунун Чүй районундагы Сайлык айылдык кеңеши боюнча;
- Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 27.03.2024-ж. № 5 - Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айылдык кеңеши боюнча;
- Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын 28.03.2024-ж. № 3, № 4 - Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңеши боюнча;
- Талас аймактык шайлоо комиссиясынын 27.03.2024-ж. № 5; 28.03.2024-ж. № 6 - Талас облусунун Талас районундагы Осмонкулов айылдык кеңеши боюнча;
- Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын 27.03.2024-ж. № 7, № 8 - Баткен облусунун Кадамжай районундагы А.Масалиев айылдык кеңеши боюнча;
- Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 29.03.2024-ж. № 6, № 7 - Ош облусунун Өзгөн районундагы Өзгөн шаардык жана Жазы айылдык кеңештери боюнча.
Чечимдер "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин негизинде, депутаттар депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арыз бергендигине байланыштуу кабыл алынган.
- Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 28.03.2024-ж. № 2 - Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылдык кеңеши боюнча;
Чечим "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 9-пунктунун жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин негизинде, депутатка карата соттун айыптоо өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө киришине байланыштуу кабыл алынган.
- Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 29.03.2024-ж. № 6, № 7 - Ош облусунун Өзгөн районундагы Өзгөн шаардык кеңеши боюнча.
Чечим "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 10-пунктунун жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин негизинде, депутаттар жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпагандыгына байланыштуу кабыл алынган.
Аталган чечимдер "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин негизинде кабыл алынган.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй, Сокулук, Каракол, Талас, Кадамжай, Алай жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Чүй, Сокулук, Каракол, Талас, Кадамжай, Алай жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
4. Чүй, Сокулук, Каракол, Талас, Кадамжай, Алай жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 2-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 4-апрелиндеги № 30 токтомунун 1-тиркемеси |
Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Чүй облусу | |||
Чүй району | |||
1 | Сайлык айылдык (№ 1 Сайлык шайлоо округу) | Джетигенов Азимжан Дженишбекович | Чүй АШК, № 3, 27.03.2024-ж. (27.02.2024-ж. өз арызы) |
Сокулук району | |||
2 | Новопавловка айылдык (№ 5 шайлоо округу) | Османова Алина Владимировна | Сокулук АШК, № 5, 27.03.2024-ж. (28.02.2024-ж. өз арызы) |
Ысык-Көл облусу | |||
Каракол шаары | |||
3 | Каракол шаардык | Кадыров Рустам Жоробаевич (8) "Замандаш" депутаттык фракциясы | Каракол АШК, № 3, 28.03.2024-ж. (18.03.2024-ж. өз арызы) |
Талас облусу | |||
Талас району | |||
4 | Осмонкулов айылдык (№ 2 Талдыбулак шайлоо округу) | Джумаев Азамат Казакович | Талас АШК, № 5, 27.03.2024-ж. (25.03.2024-ж. өз арызы) |
Баткен облусу | |||
Кадамжай району | |||
5 | А.Масалиев айылдык (№ 1 Алыш шайлоо округу) | Токтобаев Сагынбай Токтобаевич | Кадамжай АШК, № 7, 27.03.2024-ж. (25.03.2024-ж. өз арызы) |
Ош облусу | |||
Алай району | |||
6 | Гүлчө айылдык (№ 2 Гүлчө - 2 шайлоо округу) | Исмаилов Космосбек Токтогулович | Алай АШК, № 2, 28.03.2024-ж. (Соттун айыптоо өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө киришине ылайык. Ош облусунун Алай райондук сотунун 27.07.2023-ж. өкүмү УД-№ 14/23-01) |
Өзгөн району | |||
7 | Өзгөн шаардык | Тапивалдиев Шерзат Турсунбаевич (1) "Өнүгүү-Прогресс" депутаттык фракциясы | Өзгөн АШК, № 6, 29.03.2024-ж. (Өзгөн ш/к 12.03.2024-ж. № 29/5 токтому - жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпоосу (6 жолу)) |
8 | Салиев Сардарбек Камбаралиевич (2) "Өнүгүү-Прогресс" депутаттык фракциясы | Өзгөн АШК, № 6, 29.03.2024-ж. (Өзгөн ш/к 12.03.2024-ж. № 29/5 токтому - жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпоосу (7 жолу)) | |
9 | Сатволдиев Равшанбек Абдулхаметович (4) "Өнүгүү-Прогресс" депутаттык фракциясы | Өзгөн АШК, № 6, 29.03.2024-ж. (14.03.2024-ж. өз арызы) | |
10 | Жазы айылдык (№ 2 Кара-Дыйкан - Ильичевка шайлоо округу) | Токсобаев Арапбай Жунусович | Өзгөн АШК, № 6, 29.03.2024-ж. (25.03.2024-ж. өз арызы) |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 4-апрелиндеги № 30 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Чүй облусу | ||||
Чүй району | ||||
1 | Сайлык айылдык (№ 1 Сайлык шайлоо округу) | Асаналиев Басылбек | Дыйкан чарбанын мүчөсү | Чүй АШК, № 4, 27.03.2024-ж. |
Сокулук району | ||||
2 | Новопавловка айылдык (№ 5 шайлоо округу) | Жусупбекова Базаркан Мамытовна | Новопавловка айылынын мектеп-гимназиясы, мугалим | Сокулук АШК, № 5, 27.03.2024-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Каракол шаары | ||||
3 | Каракол шаардык | Амангожоев Куттубек Бейшембекович (7) "Замандаш" саясий партиясы | Каракол РЭТ, юрист | Каракол АШК, № 4, 28.03.2024-ж. |
Талас облусу | ||||
Талас району | ||||
4 | Осмонкулов айылдык (№ 2 Талдыбулак шайлоо округу) | Мусабек уулу Бак | Убактылуу иштебейт | Талас АШК, № 6, 28.03.2024-ж. |
Баткен облусу | ||||
Кадамжай району | ||||
5 | А.Масалиев айылдык (№ 1 Алыш шайлоо округу) | Масаков Сулайман Исманалиевич | Убактылуу иштебейт | Кадамжай АШК, № 8, 27.03.2024-ж. |
Ош облусу | ||||
Алай району | ||||
6 | Гүлчө айылдык (№ 2 Гүлчө - 2 шайлоо округу) | Туйбаев Шермамбет Адышбаевич | Жеке ишкер | Алай АШК, № 2, 28.03.2024-ж. |
Өзгөн району | ||||
7 | Өзгөн шаардык | Рызакулов Марифжан Панайдинович (10) "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясы | Жеке ишкер | Өзгөн АШК, № 7, 29.03.2024-ж. |
8 | Маткаримов Отабек Таджидинович (20) "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясы | Жеке ишкер | Өзгөн АШК, № 7, 29.03.2024-ж. | |
9 | Тажибаев Иброхимжон Юлдашбаевич (22) "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясы | Жеке ишкер | Өзгөн АШК, № 7, 29.03.2024-ж. | |
10 | Жазы айылдык (№ 2 Кара-Дыйкан - Ильичевка шайлоо округу) | Алихан уулу Нурсултан | Дыйкан чарбанын мүчөсү | Өзгөн АШК, № 7, 29.03.2024-ж. |