Редакцияот 07.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясынын

 

2024-жылынын 07- февралы№01

 

“Токтогул шаардык кеңешинин 2024-жылга иш планын бекитүү боюнча”

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына, Токтогул шаардык кеңешинин Регламентине ылайык, Токтогул шаардык кенешинин 2024-жылга сунушталган иш планы боюнча жооптуу катчы С.Наралиеванын маалыматын, депутаттардын сунуш, пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы, токтом кылат:

 

  1. Токтогул шаардык кеңешинин 2024-жылга түзүлгөн иш планы жалпысынан жактырылгандыгы белгиленсин, тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

  1. Бекитилген иш план боюнча иш алып баруу жоопкерчилиги Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарына жана аппарат кызматкерлерине жүктөлсүн.

 

  1. Токтомдун жалпы аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин төрагасына (М.Т.Борбугулов), жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.

 

  1. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.

 

  1.  Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogulgorkenesh.gov.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Төрага:

М.Т. Борбугулов