ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 2155-VII «Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызмат ордуна Ж.А.Полотованы дайындоого макулдук берүү жөнүндө» токтому

Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 12-июну № 2155-VII

Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызмат ордуна Ж.А.Полотованы дайындоого макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, 80-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктун жана 90-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацын, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 6-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 146 Жарлыгын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызмат ордуна Полотова Жылдыз Арстанбековнаны дайындоого макулдук берилсин.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

      Жогорку Кеңешинин

                Төрагасы

 

Н.Т. Шакиев