Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 13-июну № 306
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү маселелери боюнча кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын борборун көрктөндүрүү, санитардык абалы жана экологиялык коопсуздугу чөйрөсүндө Бишкек шаарынын мэриясынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 829 "Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункт "мамлекеттик органдардын" деген сөздөрдөн кийин "жана уюмдардын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын" деген сөздөр менен толукталсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кызматкерлери атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүгө укуктуу болгон мамлекеттик органдардын тизмегинде:
Тизмектин аталышы "мамлекеттик органдардын" деген сөздөрдөн кийин "жана уюмдардын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын" деген сөздөр менен толукталсын;
"Ведомстволук форма кийими" главасынын он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы.".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинде:
- 1-пункт "мамлекеттик органдарына" деген сөздөрдөн кийин "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына" деген сөздөр менен толукталсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 21-июнундагы № 46 (3599) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 13-июну № 306
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү маселелери боюнча кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 813 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын борборун көрктөндүрүү, санитардык абалы жана экологиялык коопсуздугу чөйрөсүндө Бишкек шаарынын мэриясынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 813 токтомуна ылайык күчүн жоготту)