Редакцияот 07.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясынын

 

2024-жылынын 07- февралы№07

 

“Токтогул шаарынын айрым көчөлөрүнүн ысымдарын өзгөртүү,

ысым ыйгаруу жөнүндө”

         

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндөгү” мыйзамдарына, “Токтогул шаарындагы көчөлөргө, парктарга, мекеме,ишканаларга, окуу жайларга ысым ыйгаруу тартиби жөнүндө” жобонун талаптарына ылайык, Токтогул шаардык мэриясы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында болгон кагылышууда өз мекенин коргоодо эрдик менен курман болгон Э.Н.Турсунбаевдин ысымын бир көчөгө ыйгаруу боюнча, Токтогул шаарынын жашоочусу Ш.Караев маркум Ж.Караевдин согуш жылдарында оруктагы кызматын, көп жылдык үзүрлүү эмгегин эске алып, шаардын бир көчөсүнө анын ысымын ыйгарып берүү боюнча кайрылышкан. Аталган кайрылуулар 02.02.2024-жылы “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенциясы, этикасы, мыйзамдуулукту чындоо спорт, жаштар саясаты, арыздар, каттар, боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында кайрадан каралды.

Жыйынтыгында туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы, токтом кылат:

  1. Токтогул шаарында айрым көчөлөрдүн аттарын өзгортүү боюнча аталган туруктуу комиссиянын корутундусу жалпысынын колдоого алынгандыгы белгиленсин.

 

  1. Ушул токтомго ылайык, Токтогул шаарындагы:

-  “Ысык-Көл  көчөсү” мындан кийин “Караев Жумабек” атындагы көчө деп аталсын (өмүр баяны тиркелет) ;

-  “Жалал-Абад  көчөсү” мындан кийин “Турсунбаев Эрлан” атындагы көчө деп аталсын (өмур баяны тиркелет);

 

  1. Караев Жумабектин ысымы көчөгө ыйгарылгандыгына байланыштуу:

• көчөгө атайын формадагы тактайчага көчөнүн атын жасатып илдирүү,  ушул   көчөнүн туура көчөлөр менен кесилишкен жерлерине атайын формадагы тактаны көчөнүн башына жана аяк жагына орнотуу (сөзсүз түрдө мэрия менен макулдашуу аркылуу);

• көчөнүн жолун, арыктарын иретке келтирүү, жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана   жарык менен камсыз кылууга көмөктөшүү;

• көчөдөгү жашоочулардын үй документтерин, паспортторун, жашоочуларды кайрадан каттого тургузууга, көчөнүн аты өзгөргөндүгү боюнча “Кадастр” мамлекеттик каттоо башкармалыгына, калкты тейлөө борборуна кеткен чыгымдарды төлөө кайрылуу ээси Ш.Караевдин жана анын жакындарынын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлсүн.

  1. Турсунбаев Эрландын ысымы көчөгө ыйгарылгандыгына байланыштуу, ушул токтомдун 3-пунктунда көрсөтүлгөн бардык чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлсүн.

 

  1. Жогорудагы көчөлөрдүн аттарынын өзгөрүшү менен, ушул токтомдун 3-пункту менен каралган милдеттенмелерди токтомго кол коюлгандан баштап, 3 (үч) айдын ичинде аткаруу зарылчылыгы боюнча кайрылуу ээси Ш.Караевге билдирүү берилсин, ал эми ушул токтомдун 4-пунктуна ылайык иш жүргузүү мэрияга милдеттендирилсин.
  2. Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине милдеттендирилсин.

 

 7. Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (Э.Медеров) тапшырылсын.

 

 8.  Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

 9. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, мамлекеттик реестрге киргизүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.

 

 10. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogulgorkenesh.gov.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төрага:

М.Т. Борбугулов