Редакцияот 27.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз 5-сессиясы

 

2023-жылдын 27-февралындагы № 5/1.1

 

Кадмажай шаарынын тургуну Д.Айтматова берилген жерди кайтарып алуу жөнүндө

Кадмажай шаарынын тургуну Д.Айтматова берилген жерди, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине ылайык, мыйзам чегинде кайтарып алуу максатында Майдан айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Д.Айтматовага жер участогуна болгон жеке менчик укугу жокко чыгарылсын;

 

2. Госрегистрге жана айыл өкмөткө аталган жерлерди сатууга, документтештирип берүүгө үчүнчү жакка өткөрүүгө, ж.б аракеттерге барбоо эскертилсин;

 

3. Биринчи маселе боюнча адвокат жалданып ишеним кат берилсин;

 

4. Айыл өкмөт тарабынан адвокатын кызматы камсыздалсын жана адвокатка тиешелүү документтер камсыздалып берилсин;

 

5. Адвокат тарабынан аталган маселе толук чечилмейинче аталган жерлерди арестке койулуусу соттон суралсын;

 

6. Токтом Майдан айылдык Кеңешинин расмий сайытына жарыяланып мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн, Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн;

 

7. Жогоруда аталган чечимдерди көзөмөлдөө мыйзамдуулук комиссиясыга жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

 

А.Насиров