Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 13-июну № 331-т
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине, "Эл аралык келишимдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. 2024-жылдын 14-майында Рим шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун ортосундагы "Региондук жайыт жамааттарынын туруктуулугу-Адапт" долбоорун (РЖЖТД-Адапт) каржылоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
3. Жогоруда аталган Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу болуп Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги аныкталсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 331-т тескемеси менен жактырылган |
2024-жылдын 14-майында Рим шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун ортосундагы "Региондук жайыт жамааттарынын туруктуулугу-Адапт" долбоорун (РЖЖТД-Адапт) каржылоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
2024-жылдын 14-майында Рим шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун ортосундагы "Региондук жайыт жамааттарынын туруктуулугу-Адапт" долбоорун (РЖЖТД-Адапт) каржылоо жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык келет.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык Макулдашуу кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 2024-жылдын 16-апрелиндеги № 6-3605/24 чечими; Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 2024-жылдын 18-апрелиндеги № 6-3713/24 чечими; Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 2024-жылдын 15-апрелиндеги № 6-3533/24 чечими) менен макулдашылган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-майындагы № 215-т тескемеси менен жактырылган.
Макулдашуунун шарттары боюнча Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фонду (мындан ары - АӨЭФ) Кыргыз Республикасына 9215957 (тогуз миллион эки жүз он беш миң тогуз жүз элүү жети) АКШ доллары өлчөмүндө грант берет.
Долбоор Адаптациялык фонд (АФ) менен АӨЭФтин ортосундагы 2022-жылдын 7-ноябрындагы Макулдашууга ылайык ("АФ макулдашуусу") Адаптациялык фонду ("АФ") тарабынан АӨЭФ аркылуу каржыланат.
Гранттык каражаттар турмуштук камсыз болуусу жайыт жерлеринен жана токойлорго көз каранды болгон айылдагы аялуу үй чарбаларына колдоо көрсөтөт. Буларга төмөнкүлөр кирет: (i) мобилдүү экстенсивдүү мал чарбасын жүргүзгөн үй чарбалары; (ii) токой продукциясын алган үй чарбалары; (iii) тоют камдаган үй чарбалары; жана (iv) айылдагы аялдар менен жаштар. Аялдардын жана жаштардын катышуусуна өзгөчө көңүл бурулат.
Макулдашуу кандайдыр бир терс социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык, финансы-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.