Редакцияот 27.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз 5-сессиясы

 

2023-жылдын 27-февралындагы № 5/1.2

 

Майдан айылындагы “Жаңы-Доор Исфайрам” дыйкан фермердик чарбасынын кайрылуусу жөнүндө

Майдан айыл Өкмөтүнө караштуу, Майдан айылындагы “Жаңы-Доор Исфайрам” дыйкан фермердик чарбасынын, “ Чокой-Сай” сайында жашылдандырууга сайдын ичинен, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине ылайык, мыйзам чегинде жер ажыратып берүү максатында Майдан айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. “Жаңы-Доор Исфайрам” дыйкан фермердик чарбасынын “Табыйгый рекультивация, жамгыр суусун пайдалануу” боюнча долбоору жактырылып, мыйзам чегинде жерди ажыратууга макулдук берилсин төмөнкү 2,3,4 пункттары эске алынсын;

 

2. “Чокой-Сай” сайынандагы мал, машина өттүүчү жолдордун стандартын сактоо маселелери “Жаңы-Доор Исфайрам” дыйкан фермердик чарбасына жүктөлсүн;

 

3. Берилген жер бир канча жылдардан кийин чек болотурган болсо жер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекетке кайтарылып берилсин;

 

4. Долбоорго жергиликтүү элдердин макулдугу тиркелсин;

 

5. Эгерде 2,3,4 пункттар аткарылбаса чечим өз күчүн жоготуусу эскертилсин;

 

6. Токтом Майдан айылдык Кеңешинин расмий сайытына жарыяланып мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн, Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн;

 

7. Ушул токтомду көзөмөлдөө мыйзамдуулук комиссиясына калтырылсын.

 

 

Төрага:

 

А.Насиров