МАЙДАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майдан айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз 5-сессиясы
2023-жылдын 27-февралындагы № 5/1.4
Бак айылынын тургуну А.Ибрагимовдун кайрылуусу жөнүндө
Майдан айыл Өкмөтүнө караштуу, Бак айылынын тургуну А.Ибрагимовдун кайрылуусун карап чыгып Майдан айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бак айылынын тургуну А.Ибрагимовдун көп жылдан бери пайдаланып келген жерин, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине ылайык, мыйзам чегинде чечүү жагы айыл өкмөткө тапшырылсын;
2. Токтомдун аткарылышын Майдан айыл Өкмөтүнүн жер адиси С.Балтабаевге милдеттендирилсин;
3. Токтом Майдан айылдык Кеңешинин расмий сайытына жарыяланып мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн, Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөткө жүктөлсүн.
Төрага: |
| А.Насиров |