Редакцияот 12.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2024-жылдын 12-июну № 2162-VII

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Ветеринария жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2024-жылдын 29-январындагы чыг. № 18-740) “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Ветеринария жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын. 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

Төраганын орун басары

Н.А. Азыгалиев