Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ (2025-2027-жылдардын орто мөөнөттүү мезгилинде I этап үчүн)
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 23-январындагы N 7, 2026-жылдын 5-февралындагы № 28, 2026-жылдын 28-июлундагы № 269 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
№ | Милдеттер | Иш-чаралар | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Күтүлүүчү натыйжалар | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булактары |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
1-глава. Коррупцияга каршы мыйзамды өркүндөтүү, аны практикада колдонуунун натыйжалуулугүн камсыздоо | ||||||
1 | Коррупцияга каршы аракеттенүүнүн таасирлүү механизмдерин жана ыкмаларын киргизүүгө, практикада колдонуунун натыйжалуулугун камсыз кылууга багытталган "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын өркүндөтүү | 1. Эл аралык стандарттарды жана чет өлкөлөрдүн алдынкы тажрыйбасын изилдөө менен "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын практикалык колдонууга талдоо жүргүзүү | 2025-жылдын I кварталы | Аналитикалык кат түзүлдү | БП, ЮМ, ИИМ, УКМК, АИК, ЖКИ, эксперттер (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджет мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
2. Коррупцияга каршы күрөшүү субъекттеринин чөйрөсүн жана алардын функцияларын, анын ичинде коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ролун, ошондой эле коррупцияга каршы изилдөөлөрдү, экспертизаларды, коррупциялык тобокелдиктерди баалоону жана башкарууну, коррупцияга каршы чаралардын мониторингин камтыган коррупцияны алдын алуунун таасирдүү механизмдерин жана системалуу ыкмаларын аныктаган "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу жана ЖКга киргизүү, коррупцияга каршы чектөөлөрдү жана тыюу салууларды, финансылык контролдоо чараларын, коррупцияга каршы пропаганданы, коррупцияга каршы маданиятты үйрөтүү жана калыптандыруу, коррупцияга каршы аракеттенүүгө коомчулуктун катышуусу, коррупциялык укук бузуулардын кесепеттерин жоюу жана башка багыттар | 2025-жылдын I жарым жылдыгы | "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жаңы редакцияда кабыл алынды | БП, ЮМ, АИК, ЖКИ, эксперттер (макулдашуу боюнча), ЖК | |||
2 | Практикада натыйжалуу колдонууну камсыз кылган "Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын өркүндөтүү | 1. Эл аралык стандарттарды жана чет өлкөлөрдүн алдынкы тажрыйбасын изилдөө менен мыйзамдардын укук колдонуу практикасына талдоо жүргүзүү | 2027-жыл | Аналитикалык кат түзүлдү | ИИМ, УКМК, БП, ЮМ, АИК, ЖКИ, эксперттер (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджет мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
2. "Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу жана ЖКга киргизүү, ал коопсуздук, корголуучу адам жөнүндө маалыматтардын купуялуулугу жана сый акыларды төлөө кепилдигинен тышкары, жумушта мыйзамсыз куугунтуктоодон коргоо боюнча чараларды, мамлекеттик укуктук жардам көрсөтүүнү жана адамдарды коррупциялык укук бузуулар жөнүндө билдирүүгө жана коррупцияга каршы аракеттенүүгө активдүү катышууга түрткү берүүчү башка коргоо каражаттарын камтыйт | 2026-жыл | "Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жаңы редакцияда кабыл алынды | ИИМ, УКМК, БП, ЮМ, АИК, ЖКИ, эксперттер (макулдашуу боюнча), ЖК | |||
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Коррупциялык укук бузуу тууралуу билдирген адамга сый акы төлөөнүн тартибин жаңы кабыл алынган мыйзамга ылайык келтирүү | 2025-жылдын IV кварталы | Мыйзам алдындагы актыны мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому кабыл алынды | КАЫМО, ФМ, ИИМ, УКМК, БП | |||
3 | Практикада натыйжалуу колдонууну камсыз кылган "Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын өркүндөтүү | 1. Эл аралык стандарттарды жана чет өлкөлөрдүн алдынкы тажрыйбаларын изилдөө менен кызыкчылыктардын кагылышын башкаруу жөнүндө мыйзамдарды жана мыйзам алдындагы актыларды ишке ашыруунун укук колдонуу практикасына талдоо жүргүзүү | 2025-жылдын I кварталы | Аналитикалык кат түзүлдү | МКЖӨБМА, ЮМ, БП, ЖКИ, эксперттер (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджет мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
2. "Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун ("Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы) иштеп чыгуу жана ЖКга киргизүү, ал мамлекеттик, муниципалдык жана башка кызмат орундарын ээлеген адамдардын ишинде кызыкчылыктардын кагылышын натыйжалуу башкаруунун таасирдүү механизмдерин, кызыкчылыктардын кагылышын башкаруу жөнүндө мыйзамдардын аткарылышын координациялоо жана мониторинг жүргүзүү үчүн жооптуу бирдиктүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аныктоо менен мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик чараларын карайт | 2025-жылдын I жарым жылдыгы | "Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынды ("Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы), ал практикада ийгиликтүү колдонулуп жатат | МКЖӨБМА, ЮМ, БП, АИК, ЖКИ, эксперттер (макулдашуу боюнча), ЖК | |||
3. Мыйзам алдындагы актыларды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-августундагы № 362 "Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомун жаңы кабыл алынган мыйзамга ылайык келтирүү | 2025-жылдын III кварталы | Мыйзам алдындагы актыларды мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому кабыл алынды | МКЖӨБМА | |||
4 | "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана мамлекеттик бийлик органдарынын ишин жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актылардын кызмат өтөө бөлүгүндө айрым ченемдерин коррупцияга каршы ченемдерге жана стандарттарга ылайык келтирүү | 1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өтөөнүн тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга талдоо жүргүзүү, анын жыйынтыгы боюнча төмөндөгүлөрдү караган ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу: - жара мамлекеттик же муниципалдык кызматка киргенде коррупцияга каршы чектөөлөрдү кабыл алуу жана мындай милдеттенме бербеген учурда ишке алуудан баш тартуу же бошотуу, ошондой эле коррупциялык жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы башка кылмыштарды жасаган адамдарды ишке алууга тыюу салуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү милдеттенме берүү; - комиссиялардын жыйналыштарын видео-аудио жаздырууну колдонуу менен мамлекеттик органдардын жана ЖӨБО кадрлар резервине конкурстук тандоо өткөрүү жөнүндө комиссиянын ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу; - ырааттуулук жана кезектүүлүк принциптерин сактоо менен бекитилген тандоо критерийлеринин негизинде кадрлар резервинен квалификациялуу адистерди ишке дайындоо тартибин аныктоо; - коррупцияны алдын алуу максатында белгиленген тыюу салуулар, чектөөлөр жана кызматчылардын милдеттери системасын өркүндөтүү; - коррупциянын пайда болуу тобокелдигин азайтуу максатында ротация өткөрүү тартибин аныктоо; - кызматчылардын мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыктарына берилгендигине жана сатылбагандыгына түрткү берүү, алардын ишинин сапатын жогорулатуу жана кынтыксыз кызматты колдоо механизмдери | 2025-жылдын I жарым жылдыгы | Талдоонун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүү маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдарынын ишин аныктоочу тармактык мыйзам актыларына кызмат өтөө бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлору иштелип чыкты | МКЖӨБМА, АИК, ЖК | Республикалык бюджет мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
2. "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана мамлекеттик бийлик органдарынын ишин жөнгө салуучу башка мыйзам актыларына кызмат өтөө бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун ЖКнын кароосуна киргизүү | 2025-жылдын III кварталы | "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана мамлекеттик бийлик органдарынын ишин жөнгө салуучу башка мыйзам актыларына кызмат өтөө бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынды | МКЖӨБМА, ЖК | |||
3. Мыйзам алдындагы актыларды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун кабыл алынган мыйзамга ылайык келтирүү | 2025-жылдын IV кварталы | Ченемдик укуктук актыларды мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдору кабыл алынды | МКЖӨБМА | |||
5 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын жана алардын жакын туугандарынын кирешелери, чыгымдары, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө бирдиктүү салык декларациясын текшерүүнү (талдоону) жүргүзүүнүн тартибин жөнгө салуучу укуктук ченемдерди өркүндөтүү | 1. Эл аралык стандарттарды изилдөөнү жана активдерди декларациялоо маселелери боюнча чет өлкөлөрдүн алдынкы тажрыйбасын эске алып, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын жана анын жакын туугандарынын кирешелери, чыгымдары, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө бирдиктүү салык декларациясында көрсөтүлгөн маалыматтарды текшерүүнү жүргүзүүнүн тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды аткаруунун укук колдонуу практикасын талдоо | 2025-жылдын I жарым жылдыгы | Аналитикалык кат түзүлдү | МСК, КАЫМО, БП, ЮМ, ЖКИ, эксперттер (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджет мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
2. Төмөнкүлөрдү караган ченемдик укуктук актылардын тиешелүү долбоорлорун иштеп чыгуу жана ченем жаратуучу органдарга киргизүү: - Бирдиктүү салык декларациясында көрсөтүлгөн маалыматтарга чыгашалардын кирешелерге дал келүү предметине текшерүү (талдоо) жүргүзүү; - белгиленген мөөнөттөн кийин декларация берүүдө талдоо материалдарын берүү же берилген декларацияда толук эмес жана/же анык эмес маалыматтар болгондо салык кызматы органдарынын прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү тартиби | 2026-жыл | Төмөнкүлөрдү караган "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 687 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 107-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому кабыл алынды: - чыгашалардын кирешелерге ылайык келишин текшерүүнүн укуктук механизмдерин киргизүү; - мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын бирдиктүү салык декларациясында көрсөтүлгөн маалыматтарды талдоо материалдарын берүү жөнүндө салык кызматы органдарынын прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү тартибин белгилөө | ЭКМ, МСК, КАЫМО, БП, ЖКИ, эксперттер (макулдашуу боюнча) | |||
6 | "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын өркүндөтүү | Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын административдик жол-жоболорунун мыйзамдарына талдоо жүргүзүү, "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу жана ЖКга киргизүү, ал административдик иштин негизги принциптерин практикалык колдонууга, чечимдерди оперативдүү кабыл алууга, ашыкча мыйзамдык регламентациялоого жол бербөөгө жана административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө, документ жүгүртүүнү жана отчеттуулукту кыскартууга, жарандардын бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, коррупциялык тобокелдиктерди жокко чыгарууга багытталат | 2026-жылдын II жарым жылдыгы | "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынды | ЮМ, ЖК | Республикалык бюджет мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
7 | Жаңы кабыл алынган коррупцияга каршы мыйзам актыларын колдонууга байланыштуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын потенциалын жогорулатуу | Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБО кызматчылары үчүн коррупцияга каршы мыйзамдарды колдонуу боюнча окуу тренингдерин уюштуруу | 2026-жыл | Окуу системасынын программасынын негизинде мамлекеттик органдардын жана ЖӨБО кызматчылары үчүн коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында жаңыдан кабыл алынган мыйзам актыларын колдонуу боюнча окуу тренингдери өткөрүлдү | МКЖӨБМА, КАЫМО, КРП караштуу МБА, ЮМ, ФМ | Республикалык бюджет мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
8 | Коррупцияга каршы мыйзамдарды ишке ашыруунун натыйжалуулугун аныктоонун өлчөөчү куралы катары анын колдонулушуна мониторинг жүргүзүү | Стратегияны ишке ашыруу боюнча пландуу иш-чараларды актуалдаштыруунун экинчи этабында алардын натыйжалуулугун баалоо жана кийинки мониторинг мезгилинин ичинде оптималдаштыруу үчүн кабыл алынган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү | 2026-2027-жылдар | Кабыл алынган коррупцияга каршы мыйзам актыларын ишке ашыруунун натыйжалуулугуна жыл сайын мониторинг жүргүзүлүүдө | КАЫМО, АИК, БП, МКЖӨБМА, ЮМ, ЖК, ЖКИ, эксперттер (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджет мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
2-глава. Ченемдик укуктук актылардын жана алардын долбоорлорунун коррупцияга каршы экспертизасынын укуктук негиздерин белгилөө жана бирдиктүү методологиясын киргизүү | ||||||
1 | Ченемдик укуктук актылардын жана алардын долбоорлорунун коррупцияга каршы экспертизасынын улуттук системасын түзүү | 1. Коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү маселелерин жөнгө салуучу колдонуудагы ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо жана талдоо | 2025-жылдын I жарым жылдыгы | Коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүүнүн бирдиктүү укуктук механизмин иштеп чыгууга мүмкүндүк берген аналитикалык кат түзүлдү | БП, КАЫМО, ЮМ, АИК, ЖК, министрликтер жана ведомстволор, ЖКИ, эксперттер (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджет мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
2. Коррупциогендик факторлорду натыйжалуу аныктоого жана четтетүүгө, транспаренттүүлүктү жана алардын натыйжаларын эсепке алууну камсыз кылууга, көз карандысыз коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү боюнча юридикалык жана жеке жактарды эксперт катары аккредитациялоонун тартибин жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берүүчү ченемдик укуктук актыларды жана алардын долбоорлорун коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүүнүн тартибин аны жүргүзүүнүн бирдиктүү методологиясы менен аныктаган ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жана ченем жаратуучу органга киргизүү, коррупцияга каршы экспертизаны координациялоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аныктоо | 2025-жыл | Ченемдик укуктук актыларга жана алардын долбоорлоруна коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүүнүн тартибин, аны жүргүзүүнүн методологиясын бекитүү жөнүндө ченемдик укуктук акт кабыл алынды | БП, ЮМ, КАЫМО, АИК, ЖК ЖКИ, эксперттер (макулдашуу боюнча) | |||
3. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүүнүн жыйынтыктарын коомдук талкуулоо үчүн платформаны караган онлайн платформаны түзүү же болбосо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун Бирдиктүү порталын өнүктүрүү | 2025-жылдын II жарым жылдыгы | Мыйзамда белгиленген тартипте аккредитацияланган, коомчулуктун кеңири чөйрөсү үчүн аларды ишке ашырууга катышууга мүмкүнчүлүк берүүчү ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна көз карандысыз коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү үчүн платформа (Бирдиктүү портал) иштейт | ЮМ, СӨМ, КАЫМО | |||
4. Коррупцияга каршы экспертизаны түздөн-түз жүзөгө ашыруучу компетенттүү адамдардын потенциалын жогорулатуу боюнча окутууларды өткөрүүнүн методдорун (программаларын) иштеп чыгуу | 2025-2026-жылдар | Коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү боюнча окуу тренингдерин системалык негизде өткөрүү үчүн методдор (программалар) бекитилди жана шарттар түзүлдү | КАЫМО, КРП караштуу МБА, ЮМ, БП, МКЖӨБМА, АИК, ЖКИ, эксперттер (макулдашуу боюнча) | |||
3-глава. Коррупцияны алдын алуу боюнча мамлекеттик институтту өнүктүрүү жана өркүндөтүү | ||||||
1 | Коррупцияга каршы улуттук саясатты институтташтыруу | 1. Коррупцияга каршы БУУнун конвенциясына ылайык коррупцияны алдын алуу боюнча адистештирилген мамлекеттик органды түзүү боюнча эл аралык тажрыйбаны үйрөнүү | 2025-жылдын I жарым жылдыгы | Эл аралык тажрыйбаны талдоонун негизинде коррупцияны алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга жооптуу коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды түзүү (аныктоо) жөнүндө чечим кабыл алынды | ПА, АИК, МКЖӨБМА, БП | Республикалык бюджет |
2. Төмөнкүдөй функцияларга ээ болгон коррупцияны алдын алуу боюнча көз карандысыз ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды (укук коргоо функцияларысыз) түзүү (аныктоо): - коррупцияны алдын алуу чөйрөсүндө коррупцияга каршы саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу; - комплекстүү ыкмаларды иштеп чыгуу жана алдын алуучу жана профилактикалык коррупцияга каршы чараларды киргизүү; - коррупцияны алдын алуу, коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашыруу жаатында аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана ЖӨБО ишинин натыйжалуулугун контролдоо, мониторинг жүргүзүү, талдоо жана баалоо; - мамлекеттик органдар жана коомчулук менен өз ара аракеттенүү; - мамлекеттик, муниципалдык жана мыйзамдарда каралган башка кызмат орундарын ээлеген адамдардын ишинде кызыкчылыктардын кагылышын башкаруунун уюштуруучулук жана укуктук негиздерин ишке ашыруу боюнча чараларды иштеп чыгуу; - коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо, баалоо жана башкаруу; - коррупцияга каршы изилдөөлөрдү, экспертизаларды жүргүзүүгө катышуу; - коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды аткарбагандыгы, коррупцияга каршы чектөөлөрдү, тыюу салууларды жана коррупцияны алдын алуунун башка чараларын сактабагандыгы үчүн мамлекеттик органдардын, ЖӨБО жетекчилерин жана кызмат адамдарын тиешелүү жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштамаларды киргизүү; - коррупцияны алдын алуу чөйрөсүндө илимий-изилдөө жана маалыматтык-талдоо иштерин уюштуруу; - мамлекеттик кызматчыларга жана коомчулукка коррупцияга каршы билим берүүнү жана агартууну уюштуруу, коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу жана коррупцияны алдын алуу жаатында башка иш-чаралар | ||||||
2 | Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында жана республикалык багыттагы ЖӨБО коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу институттун ишинин натыйжалуулугун жана ачык-айкындуулугун жогорулатуу | 1. Кемчиликтерди жана ылайык келбестиктерди четтетүү, аларды коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык келтирүү жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында жана республикалык багыттагы ЖӨБОдо коррупцияны алдын алуу боюнча иштин натыйжалуулугуна жетүү максатында коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуулардын укуктук абалын, функцияларын жана ишинин негизги багыттарын аныктоочу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын инвентаризациялоо жана талдоо жүргүзүү | 2025-жылдын I жарым жылдыгы | Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары кабыл алынды. Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуулар мамлекеттик жана муниципалдык кызматта ак ниеттүүлүктү камсыз кылууда натыйжалуу звено болуп саналат | МКЖӨБМА, БП, ЮМ, АИК, КАЫМО | Республикалык бюджет мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде |
2. Төмөнкүлөргө багытталган Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын жана Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун иштеп чыгуу; - коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуулардын ишин жана отчеттуулук процесстерин автоматташтыруу менен алардын ишин, кызмат өтөөнү укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү, милдеттерин жана функцияларын оптималдаштыруу; - коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмүндө коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктууларды аныктоо; - мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасында коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуулардын ролун күчөтүү жана статусун жогорулатуу; - алдынкы эл аралык тажрыйбаны жана технологияларды өздөштүрүү максатында квалификацияны үзгүлтүксүз жогорулатуу жолу менен алардын потенциалын чыңдоо жана өнүктүрүү | ||||||
4-глава. Сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарына ишенимди жогорулатуу, чынчылдык жана сатылбагандык принцибин бекемдөө, коррупциялык укук бузуулар үчүн жоопкерчиликтен кутулбастыкты камсыздоо | ||||||
1 | Чараларды көрүүнү талап кылган, соттук териштирүүнүн жүрүшүндө белгиленген мыйзамдуулуктун бузулушуна соттук чара көрүү механизмдерин түзүү | Мамлекеттик бийлик органдарын жана ЖӨБОну мыйзам бузууларды четтетүү боюнча, мыйзамсыз чечимдерге, аракеттерге (аракетсиздиктерге), жарандардын укуктарын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын бузууга кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо боюнча чараларды көрүүгө милдеттендирген, аларды аткаруунун натыйжалары жөнүндө кийин сотторго кабарлоо менен, сот жыйналышта аныкталган мыйзам бузуу фактыларына карата соттордун (судьялардын) жай аныктамаларын кароонун укуктук механизмдерин иштеп чыгуу | 2025-жылдын II кварталы | Соттордун (судьялардын) жай аныктамаларын кароонун тартибинин жол-жоболорун жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар иштелип чыкты жана кабыл алынды | ЖС, ЖК | Республикалык бюджет мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде |
2 | Соттордун ишинин ачыктыгын жана айкындуулугун жогорулатуу | Сот өндүрүшүндө санариптик технологияларды колдонуунун тартибин (тараптарга аудио-, видеофиксациялоонун жыйынтыктарын берүү, электрондук доолорду тариздөөнүн эрежелери ж.б.), жарандык, экономикалык жана административдик иштер боюнча сот жыйналыштарын видео-, үн жазууларын милдеттүү түрдө фиксациялоону киргизүү каралган мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу жана ЖКга киргизүү | 2026-жыл | "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынды | ЖС, ЖК | Республикалык бюджет мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде |
3 | Соттордун, көзөмөлдөөчү жана укук коргоо органдарынын иши жөнүндө коомчулукка туруктуу маалымдоо | Соттордун, көзөмөлдөөчү жана укук коргоо органдарынын ишин жалпыга маалымдоо каражаттарында, расмий сайттарда жана социалдык тармактарда, анын ичинде пресс-конференцияларды өткөрүү аркылуу (жыл сайын, ошондой эле резонанстуу кылмыш иштери боюнча ж.б.) чагылдыруу | Туруктуу | Сот, көзөмөл жана укук коргоо системасынын коомчулук менен маалыматтык өз ара аракеттенүү механизмдери иштелип чыкты. Маалыматтын натыйжалуулугу, ишенимдүүлүгү жана өз убагында берилиши камсыз кылынды | ЖС, жергиликтүү соттор, БП, ИИМ, УКМК, КАЫМО | Республикалык бюджет мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде |
4 | Кылмыш-жаза мыйзамдарын өркүндөтүү. Коррупциялык кылмыштар үчүн жоопкерчиликтен кутулбастыкты камсыз кылуу, жарандардын укуктарын коргоо кепилдиктерин жогорулатуу | 1. Төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү кароо үчүн укук колдонуу практикасын, эл аралык стандарттарды жана чет өлкөлөрдүн жакшы тажрыйбаларын талдоо: - коомдук жана жеке секторлордо коррупциялык кылмыштардын субъекттеринин чөйрөсүн кеңейтүү; - коррупциялык жана коррупция менен чектеш экономикалык кылмыштардын айрым түрлөрү үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин күчөтүү; - коррупциялык кылмыштардын айрым беренелерин практикалык колдонууну камсыз кылуу менен аларды кайра карап чыгуу; - пробациялык көзөмөлдө турган адамдар тарабынан келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана айыптарды төлөө боюнча сот тарабынан мөөнөттөрдү белгилөө; - күнөөсүз адамды атайылап кылмыш жоопкерчилигине тартуу, билип туруп мыйзамсыз кармоо, камакка алуу же камакта кармоо, көрсөтмө берүүгө мажбурлоо, далилдерди жана ыкчам издөө материалдарын бурмалоо, кылмышка чагым жасоо, атайылап жалган билдирүү, жеке жана юридикалык жактарга юридикалык жардам көрсөткөн адамдын жана жарандын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону жүзөгө ашырган адамдардын мыйзамдуу ишине тоскоолдук кылуу үчүн жоопкерчиликти күчөтүү | 2025-2027-жылдар | Аналитикалык кат түзүлдү | БП, КАЫМО, ЖС, ИИМ, УКМК, ЮМ, ЖКИ, эксперттер, бизнес-коомдоштук (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджет мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
2. "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу жана ЖКга киргизүү | 2026-2027-жылдар | Талдоо жүргүзүүнүн негизинде "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынды | БП, ЖС, ИИМ, УКМК, ЮМ, ЖКИ, эксперттер (макулдашуу боюнча) | |||
5 | Коррупцияга каршы күрөшүү механизмдерин өркүндөтүү | Төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү кароо үчүн эл аралык стандарттарга жана сунуштамаларга, чет өлкөлөрдүн алдынкы тажрыйбасына жана улуттук мыйзамдарды колдонууга талдоо жүргүзүү: - практикада колдонууну камсыз кылуу менен коррупциялык кылмыштарга тиешеси бар юридикалык жактардын жоопкерчилик чараларын колдонуунун укуктук механизмдерин киргизүү; - коррупциялык укук бузууларды жасоонун натыйжасында алынган активдерди издөө жана кайтаруу маселелерин жөнгө салуунун укуктук ченемдерин өркүндөтүү менен адистештирилген бөлүмдү түзүү (аныктоо); - коррупциялык багыттагы жана коррупцияга каршы мыйзамдарды бузган кылмышка шектүү адамдар боюнча оперативдүү маалыматтарды алуу үчүн укук коргоо жана контролдоочу органдардын, тышкы мамлекеттик аудит органынын жана башка компетенттүү мамлекеттик органдардын катышуусу менен бирдиктүү интеграцияланган тармакты түзүү; - коррупциялык багыттагы иштерди иликтөөгө адистешкен тиешелүү бөлүмдөрү менен бирдиктүү, борборлоштурулган жана көз карандысыз тергөө органын түзүү максатында тергөө органдарын реформалоо | 2026-жыл | 1. Ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу жана белгиленген иш-чараларды ишке ашыруу боюнча инструменттерди киргизүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу үчүн аналитикалык кат түзүлдү. 2. Талдоонун жыйынтыктары Стратегияны ишке ашыруунун II этабынын актуалдаштырылган иш-чаралар планына андан ары киргизүү үчүн каралды | КАЫМО, БП, ЖС, ИИМ, УКМК, ЖКИ, эксперттер (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
6 | Укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү | Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароодо дискрециялык ыйгарым укуктарды алып салууну, зыяндуу кесепеттерге алып келбеген эскертүү түрүндөгү жазаны рационалдуу колдонууну оптималдаштырууну, коррупцияга каршы мыйзамдарды бузгандык үчүн жоопкерчилик чараларын кеңейтүүнү караган "Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана ЖКга киргизүү | 2025-2026-жылдар | "Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабын алынды | КАЫМО, БП, ЖС, ЖКИ, эксперттер, бизнес-коомдоштук (макулдашуу боюнча), ЖК | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет |
7 | Коррупциялык багыттагы кылмыштардын бирдиктүү статистикалык отчетун түзүү | Коррупциялык кылмыштуулуктун абалын талдоо жана бирдиктүү системалуулукту камсыз кылуу үчүн кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган коррупциялык багыттагы кылмыштардын тизмесин аныктоо | 2025-жылдын I жарым жылдыгы | Биргелешкен укуктук акт менен Коррупциялык багыттагы кылмыштардын тизмеси бекитилди | БП, ЖС, УКМК, ИИМ | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет |
8 | Коррупциялык кылмыштарды тергөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу | Тергөөнү уюштуруу методикасын өркүндөтүү, тергөө бөлүмдөрүнүн практикалык ишинде укуктук жана материалдык-техникалык база менен камсыз кылуу, коррупция менен күрөшүүдө ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү инструменттерин өнүктүрүү, ошондой эле тергөөчүлөрдүн ишине колдоо көрсөтүүнүн жана түрткү берүүнүн укуктук механизмдерин киргизүү аркылуу коррупциянын багыттагы кылмыштарды тергөөнүн натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу | Туруктуу | Коррупциялык багыттагы кылмыштарды иликтөө боюнча тергөө бөлүмдөрүнүн ишинин натыйжалуулугун жакшыртуу боюнча чаралар көрүлдү | УКМК, ИИМ, БП | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет |
9 | Сот, көзөмөлдөө жана укук коргоо системасынын кызмат адамдарынын ишинде кызыкчылыктардын кагылышын башкаруу | Сот, көзөмөлдөө жана укук коргоо системасынын кызмат адамдарынын ишинде алардын өзгөчө статусун жана функцияларын чагылдырган кызыкчылыктардын кагылышын башкаруунун ички эрежелерин өркүндөтүү (кабыл алуу) | 2026-жылдын I жарым жылдыгы | Ведомстволук укуктук актылар менен алардын аткарылышын камсыз кылып, кызыкчылыктардын кагылышын башкаруу эрежелери бекитилди (жаңыртылды) | БП, ЖС, ИИМ, УКМК, МБК, ЖАМК | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
10 | Көзөмөлдөө жана укук коргоо органдарынын ишиндеги коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу | Көзөмөлдөө жана укук коргоо органдарынын ишинде коррупциялык тобокелдиктерди баалоонун жана башкаруунун ички системасын киргизүү | 2025-жылдын I жарым жылдыгы | Ведомстволук укуктук актылар менен коррупциялык тобокелдиктерди баалоо жана башкаруу жөнүндө жоболор бекитилген | БП, ИИМ, УКМК, МБК, ЖАМК, КАЫМО | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет республикалык бюджет. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
11 | Тергөөчүлөрдүн жана укук коргоо органдарынын бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кызмат орундарына кадрларды тандоо системасын жана практикасын жакшыртуу | Жеке сапаттарын (тажрыйбасын, көндүмдөрүн, чынчылдыгын) баалоого негизделген коррупциялык кылмыштарды иликтөөнү жүзөгө ашырган укук коргоо органдарынын кызматкерлерин тандоону жана дайындоону регламенттеген ченемдик укуктук актылардын жана ведомстволук актылардын натыйжалуулугуна мезгилдүү негизде талдоо жүргүзүү, аттестациялоо жана ротациялоо жол-жоболорун өркүндөтүү, квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатууну уюштуруу. Зарыл болгондо тиешелүү ченемдик укуктук жана ченемдик актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизүү | 2025-2027-жылдар (жыл сайын) | Ченемдик укуктук актыларга түзөтүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы жөнүндө корутундуну даярдоо менен ченемдик укуктук актылардын, анын ичинде ведомстволук актылардын натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүлөт | ИИМ, УКМК, ЖАМК, МБК | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
12 | Сот органдарында кесиптик компетенцияны жана коррупциялык жүрүм-турумдун азгырыктарына карата туруктуулукту жогорулатуу | Судьялардын жана сот органдарынын кызматкерлеринин кесиптик ишинде жүрүм-турумдун коррупцияга каршы модели жана жүрүм-турумдун тиешелүү алгоритмин иштеп чыгуу боюнча атайын иштелип чыккан социалдык-психологиялык тренингдерди үзгүлтүксүз өткөрүү | 2025-2027-жылдар | Бекитилген программанын негизинде тренингдер өткөрүлдү. Максаттуу топтордо коррупциялык көрүнүштөргө туруктуулуктун деңгээли 60%дан жогору | ЖС караштуу СЖМ | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
5-глава. Коррупцияны алдын алуу максатында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жана ачык-айкындуулугун камсыздоо | ||||||
1 | Мамлекеттик башкаруу органдарынын жана ЖӨБО ишинде айкындуулук жана ачыктык принциптерин бекемдөө | 1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы № 293 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар тууралуу" токтомун, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 18-майындагы № 281 Коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо, баалоо жана башкаруу боюнча методикалык колдонмону бекитүү жөнүндө буйругун жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамга ылайык келтирүү, анын ичинде: - кайталануучу ченемдерди алып салуу жана мамлекеттик органдардын системасында коррупциялык тобокелдиктерди жана коррупциогендик кызмат орундарын аныктоо; - администрациялык жол-жоболордо, функцияларда жана ыйгарым укуктарда, анын ичинде ченем жаратуу ыйгарым укуктарында камтылган мамлекеттик органдардын жана ЖӨБО ишиндеги, ошондой эле чечимдерди кабыл алууда, таасир этүү чараларын (жаза чараларын) колдонууда, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүдө коррупциянын келип чыгуу коркунучу бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегине ылайык алардын алдын алуу жана жоюу механизмдерин регламенттөө менен, коррупциялык тобокелдиктерди өлчөө жана баалоо системасын өркүндөтүү; - коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмесин мамлекеттик органдардын жана ЖӨБО ведомстволук сайттарында жарыялоо | 2025-жылдын I жарым жылдыгы | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан мамлекеттик органдарда жана ЖӨБО коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо, баалоо жана башкаруу боюнча методиканы бекитүү жөнүндө токтом жаңы редакцияда кабыл алынды | МКЖӨБМА, КАЫМО, АИК, ЖКИ, эксперттер (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
2. Борбордук мамлекеттик органдардын (министрликтердин) жана административдик органдардын (агенттиктердин) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктоочу ченемдик укуктук актылардын жоболорунда, алардын кызматтык нускамаларында мамлекеттик органдардын (ведомстволук бөлүмдөрдүн), ЖӨБ аткаруу органдарынын жетекчилеринин кол алдындагы кызматкерлердин аракети (аракетсиздиги) үчүн коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү, мыйзамдардын сакталышына, кызматтык тартиптин абалына үзгүлтүксүз контролду камсыз кылуу аркылуу жоопкерчилигин бекитүү | 2025-жылдын III кварталы | Мамлекеттик органдардын жана аткаруу бийлигинин административдик органдарынын жоболорун бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле ЖӨБ аткаруу органдарынын, алардын ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин кызматтык нускамаларына коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү чараларын көрбөгөндүгү үчүн алардын жетекчилеринин жоопкерчилигин жогорулаткан толуктоолор киргизилди | МКЖӨБМА, КАЫМО, АИК, министрликтер жана ведомстволор | Талап кылынбайт | ||
3. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчынын коррупцияга каршы жүрүм-турумунун бирдиктүү стандарттарын киргизүү | 2026-жылдын I кварталы | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасында коррупциянын алдын алууну камсыз кылуучу тыюу салуулардын, чектөөлөрдүн, милдеттердин жана уруксат берүүлөрдүн бирдиктүү системасын белгилеген мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын коррупцияга каршы жүрүм-турумунун типтүү стандарттарын кабыл алды | КАЫМО, МКЖӨБМА, АИК | Талап кылынбайт | ||
2 | Мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын кызматкерлеринин коррупциялык мотивациясын төмөндөтүү | Жогорку квалификациялуу адистерди тартуу жана кадрдык потенциалды сактоо үчүн шарттарды жакшыртуу, мамлекеттик органдарда жана ЖӨБО иштин кадыр-баркын жана жагымдуулугун жогорулатуу жана мамлекеттик башкаруу секторунда коррупциялык тобокелдиктердин болушун төмөндөтүү боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгуу | 2025-2027-жылдар | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына кадрларды тандоо жана системаны жакшыртуу боюнча чаралар көрүлдү | МКЖӨБМА, министрликтер жана ведомстволор | Мамлекеттик органдарга жана ЖӨБО бөлүнгөн каражаттардын чегинде мамлекеттик бюджет |
3 | Мамлекеттик башкаруу системасында коррупцияга каршы идеологияны, моралдык-этикалык, адеп-ахлактык жана баалуулук багыттарды калыптандыруу | 1. Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБО кызматчыларынын этика ченемдерин сактоосун камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексинин талаптарын кызматчылардын так аткаруусу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүү. Кызмат өтөөдө кемчиликтерди жоюу жана этика принциптерин жана ченемдерин сактоо боюнча сунуштамаларды жана чараларды иштеп чыгуу менен мамлекеттик башкаруу жана ЖӨБО түзүлгөн кызматчылардын этика боюнча комиссиясынын ишинин натыйжалуулугуна жыл сайын мониторинг жана талдоо жүргүзүү | 2025-2027-жылдар | 1. Жыл сайын кызматчылардын этикасы боюнча комиссиянын ишинин натыйжалуулугуна мониторинг жана талдоо жүргүзүлөт, анын иши жөнүндө отчеттуулуктун формасы иштелип чыккан жана бекитилген. 2.Мониторингдин жыйынтыктары мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат. 3. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын коррупцияга каршы туруктуу жүрүм-турумун калыптандыруу, кызмат өтөөдө этиканын принциптерин жана ченемдерин сактоо жөнүндө, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-ресурстар аркылуу маалыматтык-пропагандалык ишти жүргүзүү боюнча атайын программалар иштелип чыкты жана ишке ашырылып жатат | КАЫМО, МКЖӨБМА, АИК, ЖКИ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет. Гранттык программалар. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
2. Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына маалыматтарды жайгаштыруу аркылуу мамлекеттик органдардагы жана ЖӨБО этика комиссияларынын иши жөнүндө коомчулукка үзгүлтүксүз маалымдоо | ||||||
3. Кызматчылар тарабынан этиканын принциптерин жана ченемдерин сактоо, кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөө жана мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат системасында Коррупцияны алдын алуу боюнча, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-ресурстар аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар кызматтык милдеттерин аткарууда чынчылдык, калыстык, ак ниеттүүлүк, жоопкерчилик, кесипкөйлүк жана жогорку этикалык ченемдердин принциптерин популярдаштыруу жөнүндө маалыматтык-пропагандалык ишти туруктуу негизде жүргүзүү | ||||||
4 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кесиптик компетенциясын жогорулатуу, коррупцияга каршы жүрүм-турумдун туруктуу принциптерин калыптандыруу | Кызыкчылыктардын кагылышуусун башкарууга, ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууда коррупциялык тобокелдиктерди аныктоого, коррупцияга каршы пландарды түзүүгө, этикалык ченемдерди сактоого, жүрүм-турумдун коррупцияга каршы моделин түзүүгө жана коррупциялык мотивацияны төмөндөтүүгө багытталган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды коррупцияга каршы окутуу (квалификациясын жогорулатуу) системасын өнүктүрүү | 2025-2027-жылдар | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Коррупцияны алдын алуу жана жүрүм-турумдун этикалык ченемдерин сактоо жаатында мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуунун типтүү программасы бекитилген. Кызматчылардын 30%дан кем эмесин камтуу менен окутуу тренингдери туруктуу негизде өткөрүлөт | КАЫМО, МКЖӨБМА, ФМ, КРП караштуу МБА, АИК | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
6-глава. Социалдык чөйрөнүн жана экономиканын тармактарында жарандардын мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүсүндө коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу | ||||||
1 | Социалдык чөйрөнүн жана экономиканын тармактарында жарандардын мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүсүндө коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу | 1. Бийлик органдарынын жарандар жана жеке сектор менен өз ара аракеттенүү процесстерин автоматташтырууга багытталган ченемдик укуктук актыларга талдоо жүргүзүү, жол-жоболордун жана чечимдерди кабыл алуу процесстеринин айкындуулугун жана ачыктыгын камсыз кылуу, коомдун маалымдуулугун жогорулатуу | 2025-жыл | Жол-жоболордун айкындуулугун жана ачыктыгын камсыз кылууга, санариптештирүү фонунда талап кылынган документтердин тизмесин кыскартууга багытталган ченемдик укуктук актылар кабыл алынды | КАЫМО, СӨМ, ЭКМ, министрликтер жана ведомстволор, ЖӨБО | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет |
2. "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга мүмкүн болгон кызматтарды көрсөтүүдө жеке жана юридикалык жактардан талап кылынган документтердин (маалымкаттардын, маалыматтардын ж.б.) тизмесин кыскартуу боюнча чараларды көрүү | 2025-2026-жылдар | |||||
3. Мамлекеттик органдарда жана ЖӨБО уруксат берүүчү документтерди берүү, мамлекеттик каттоо, маалымат берүү менен байланышкан административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү | 2025-2027-жылдар | |||||
2 | "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү аутсорсингге берүү бөлүгүндө өркүндөтүү | 1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекет тарабынан аккредиттелген жеке юридикалык жактарга берүү (аутсорсингге) мүмкүнчүлүгүн караган "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу жана ЖКга киргизүү | 2026-жылдын III кварталы | "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынды | ЭКМ, СӨМ, ЮМ, ЖӨБО, КАЫМО, АИК, министрликтер жана ведомстволор, ЖӨБО, ЖК | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет |
2. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана ЖӨБОнун аутсорсингди уюштуруу үчүн кызмат көрсөтүү боюнча функцияларына талдоо жүргүзүүнү уюштуруу боюнча, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрүн аутсорсингге берүүнүн вариантын аныктоо жана баалоо үчүн рыноктун даярдыгын талдоо тартибин аныктоо боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү караган мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүгө юридикалык/жеке жактарды мамлекеттик аккредитациялоо жөнүндө типтүү жобону иштеп чыгуу | 2026-жылдын IV кварталы | Типтүү жобону бекитүү жөнүндө ченемдик укуктук акт кабыл алынды | ЭКМ, КАЫМО, СӨМ, министрликтер жана ведомстволор, ЖӨБО | |||
3 | Жарандардын мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүсүндө коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу | Коррупцияга жол бербөө жана алдын алуу боюнча чараларды көрүү менен коррупциялык укук бузууларга байланыштуу мамлекеттик органдарга жана ЖӨБО келип түшкөн кайрылууларды (даттанууларды) кароо жана талдоо жүргүзүү | 2025-2027-жылдар | Ички укуктук актылар аркылуу Коррупцияны алдын алуу чараларын көрүү менен кайрылууларга талдоо жүргүзүүнүн тартиби жөнгө салынды, ал жыл сайын жүргүзүлөт | Министрликтер жана ведомстволор, БП, КАЫМО | Талап кылынбайт |
4 | Жаратылышты пайдалануу жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө ачык-айкындуулукту камсыз кылуу | Кен казып алуу тармактарынын жана жаратылышты пайдалануучулардын айкындуулук демилгесинин сунуштамаларын эл аралык стандартка ылайык аткарууну камсыздоо | 2025-2027-жылдар | Жаратылышты пайдалануу жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик жана юридикалык жактардын ишинин ачык-айкындуулугу жогорулады | ЖРЭТКМ | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет |
5 | Бажылык тариздөө жайларында жана алдын ала бажылык жол-жоболор жайларында башкаруу шарттарын жакшыртуу | Укуктук ченемдерди киргизүү, тышкы экономикалык иштин (ТЭИ) катышуучуларын бажы органдарынын иши жөнүндө сурамжылоону уюштуруу жана өткөрүү, мында коомдук пикирди изилдөө коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо жана жоюу, администрациялоо шарттарын жакшыртуу боюнча чараларды көрүүгө мүмкүндүк берет | 2025-2027-жылдар (жарым жылдык) | Ченемдик укуктук акты менен бажы кызматынын органдарынын ишиндеги коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо жана жоюу тартиби жөнгө салынды, анын негизинде ТЭИнин катышуучуларын сурамжылоо жүргүзүлөт | МБК, АИК, ЖКИ, эксперттер (макулдашуу боюнча) | Талап кылынбайт |
7-глава. Мамлекеттик каражаттарды башкаруу, финансылык контролдоо системаларын жана сатып алуу жол-жоболорун өркүндөтүү | ||||||
1 | Бюджеттик процесстердин ачык-айкындуулугун жогорулатуу, контролдоо системасын өркүндөтүү жана финансылык тартипти бекемдөө | 1. Төмөнкүлөргө багытталган бюджеттик укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды колдонууга талдоо жүргүзүү: - кирешелерди, бюджеттик бөлүнгөн каражаттарды түзүүнүн, мамлекеттик долбоорлорду ишке ашыруунун, салык жеңилдиктерин берүүнүн, мамлекеттик (муниципалдык) менчик объекттерин менчиктештирүү процесстерин ишке ашыруунун мыйзамдуулугун жана толуктугун камсыз кылуу; - бюджеттик документтерди жарыялоо аркылуу бюджеттин ачык-айкындуулугун жогорулатуу боюнча чараларды көрүү, бюджеттик каражаттардын чыгымдалышын контролдоо жана көзөмөлдөө механизмдерин бекемдөө, бюджеттик процесстерге жарандык коомду тартуу, жаңы санариптик технологияларды пайдаланууда жарандардын маалымдуулугун жогорулатуу | 2025-жылдын II жарым жылдыгы | Аналитикалык кат түзүлдү | ФМ, ЭКМ, ЭП, ММБМА, ЖӨБО, ЖКИ, эксперттер (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет |
2. Бюджеттик ачык-айкындуулук чөйрөсүндө ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу | 2026-жыл | Ченемдик укуктук акт кабыл алынды | ФМ, ЭП | |||
2 | Накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү | Накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүүгө багытталган чаралардын комплексин кабыл алуу | 2025-2027-жылдар | Жыл сайын накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүүгө багытталып кабыл алынган чараларга талдоо жүргүзүлөт | УБ, ФМ, ЭКМ | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет |
3 | Мамлекеттин бюджетине милдеттүү төлөмдөрдүн толук жана өз убагында келип түшүүсүн камсыз кылуучу салык жана бажы кызматынын системасында ачык-айкындуулукту жана чынчылдыкты камсыздоо | 1. Функцияларды ишке ашырууда коррупциялык тобокелдиктерге, мүмкүнчүлүктөргө жана алардын салык кызматы системасынын кызматкерлерине терс таасирине жол бербөөнүн укуктук механизмдерин белгилөө | 2025-жылдын I жарым жылдыгы | Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук акты кабыл алынды | МСК | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
2. Автоматташтырылган маалыматтык системаны колдонуу менен бажы мыйзамдарынын сакталышына системалуу мониторинг жана контроль жүргүзүүнүн укуктук регламентациясын киргизүү (өркүндөтүү), анын ичинде товарлардын импорту/экспорту жөнүндө негизги соода жүргүзүүчү өлкөлөр менен маалымат алмашуу | 2025-жылдын I жарым жылдыгы | Бажы мыйзамдарынын сакталышына мониторинг жүргүзүүнү жана контролдоону регламенттөөнүн укуктук механизмдери ишке киргизилди | МБК, КАЫМО | |||
3. Бажы органдарында, бажылык тариздөө жайларында жана өткөрүү пункттарында Коррупцияны алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди активдештирүү, коомчулуктун жана соода ишинин катышуучуларынын арасында бажы мыйзамдары чөйрөсүндөгү коррупциялык тобокелдиктер жана ченемдер жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу | 2025-2027-жылдар | Коррупцияны алдын-алуу боюнча профилактикалык иштер жүргүзүлдү | МБК, КАЫМО, АИК | |||
4. Салык жана бажы мыйзам бузуулары, көрсөтүлгөн чөйрөлөрдөгү кызматкерлердин укукка каршы аракеттери (аракетсиздиги) жөнүндө билдирүү үчүн даттанууларды берүүнүн ачык механизмдерин жана жеткиликтүү каналдарын белгилөө, маалымат алмашуу, укук бузуулардын алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу боюнча укук коргоо жана башка органдар менен өз ара аракеттенүүнү бекемдөө | 2025-жылдын I жарым жылдыгы | Салык жана бажы кызматтарынын кызматкерлеринин укук бузуулары, укукка каршы аракеттери (аракетсиздиги) жөнүндө билдирүүлөрдү берүүнүн механизмдери жана каналдары ишке киргизилди | МСК, МБК, УКМК, ИИМ, КАЫМО | |||
4 | Ички контроль системасын камсыз кылууда ички аудиттин ролун күчөтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу | Финансылык тартипти бузуулардын жана Коррупцияны алдын алуу боюнча ички аудит кызматынын ишин күчөтүүгө багытталган ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу жана кабыл алуу | 2025-жылдын I жарым жылдыгы | Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук акты кабыл алынган | ФМ, ЭП | Талап кылынбайт |
5 | Тышкы мамлекеттик аудит чөйрөсүндө коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу | Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын органдарынын ишинде коррупциялык тобокелдиктерди баалоонун жана башкаруунун ички системасын киргизүү | 2025-жылдын I жарым жылдыгы | Тышкы мамлекеттик аудит чөйрөсүндө коррупциялык тобокелдиктерди баалоо жана башкаруу жөнүндө жобо бекитилди | ЭП | Талап кылынбайт |
6 | Мамлекеттик сатып алуулар системасын өркүндөтүү | 1. Төмөнкүлөрдү караган сатып алуулар жаатындагы ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу жана кабыл алуу: - сатып алуучу уюмдардын (заказчылардын) ишиндеги коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга, сатып алуучу уюмдар менен жеткирип берүүчүлөрдүн (консультанттардын) ортосундагы жеке байланыштарды минималдаштырууга багытталган мамлекеттик сатып алуулардын жеткирип берүүчүлөрүнө (консультанттарына) контракт боюнча акы төлөөнүн укуктук механизмдерин аныктоо (аванс төлөмдөрү, жеткирип берүүлөргө бөлүп төлөө, иш жүзүндөгү көлөмдөр үчүн төлөө, акыркы төлөө); - мамлекеттик сатып алуулар процесстерине коомчулуктун кызыгуу деңгээлин жогорулатуу, мамлекеттик сатып алууларга мониторинг жүргүзүү жолу менен коомдук контролду жүзөгө ашыруу | 2025-жылдын I жарым жылдыгы | Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук акты кабыл алынды (өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди) | ФМ, ММБМА, ЭП, КАЫМО, ЖКИ, эксперттер (макулдашуу боюнча), ЖК | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
2. Аталган субъекттер тарабынан жүргүзүлүүчү сатып алуу жол-жоболорунун ачыктыгын, жеткиликтүүлүгүн, маалымдуулугун жана отчеттуулугун камсыздаган, сатып алуулар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларга мүмкүн болуучу түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу үчүн Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибин колдонуунун натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүү | 2026-2027-жылдар | Укук колдонуу практикасын талдоонун негизинде, сатып алууларды жүргүзүүдө мамлекеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугуна жана үнөмдүүлүгүнө таасир этүүчү системалык бузуулар жана кемчиликтер болгондо аталган субъекттер тарабынан жүргүзүлүүчү сатып алуулар жөнүндө ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу сунуштамалар иштелип чыкты жана ченем жаратуучу органдарга киргизилди | ММБМА | |||
7 | Коррупциялык кылмыштарды, менчикке каршы кылмыштарды жасаган берүүчүлөрдүн жана консультанттардын мамлекеттик сатып алууларга катышуусун чектөө | Коррупциялык кылмыш, алдамчылык жана Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган менчикке каршы башка кылмыштарды жасаган берүүчү же консультант менен сатып алуулар жөнүндө контракттык же алкактык макулдашууну түзүүгө тыюу салган "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана ЖКга киргизүү. Кыргыз Республикасынын аймагында берүүчүлөрдүн (консультанттардын) арасында соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтар менен камсыздоо механизмдерин ишке киргизүү | 2025-жыл | "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынды жана берүүчүлөрдүн (консультанттардын) соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтар менен камсыздоочу автоматташтырылган процесстер ишке киргизилди | ФМ, ЖКИ, эксперттер (макулдашуу боюнча) ИИМ, СӨМ, ЖК | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
8 | Ак ниет эмес берүүчүлөрдүн жана консультанттардын маалыматтар базасындагы берүүчүлөрдүн (консультанттардын) мамлекеттик сатып алууларга катышуусу үчүн чектөө чараларын жана жоопкерчиликти киргизүү | Мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталында алар консорциумдун мүчөлөрү катары же субподрядчылардын ролунда өтүнмөлөрдү бергенде ак ниет эмес берүүчүлөрдүн маалыматтар базасына киргизилген берүүчүлөрдү (консультанттарды) блокировкалоо механизмдерин ишке ашыруу, ошондой эле ак ниет эмес берүүчүлөрдүн жана консультанттардын маалыматтар базасындагы берүүчүлөрдүн (консультанттардын) бир булактан алуу методу менен сатып алууларга катышуу мүмкүнчүлүгүн жоюу | 2025-жылдын I кварталы | Мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталында ак ниет эмес берүүчүлөрдүн маалыматтар базасына киргизилген берүүчүлөрдү (консультанттарды) блокировкалоонун автоматташтырылган системасы иштөөдө | ФМ | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
9 | Мамлекеттик сатып алууларга мониторинг жүргүзүү аркылуу мамлекеттик сатып алуулар процесстерине коомчулуктун кызыгуу деңгээлин, коомдук контролду жогорулатуу | Отчеттук маалыматтарды мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталында жарыялоо | Квартал сайын | Сатып алуулар процесстери жөнүндө коомчулуктун маалымдуулугу камсыздалды | ФМ | Талап кылынбайт |
10 | Юридикалык жактардын бенефициардык ээлеринин ачык-айкындуулугун камсыздоо | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн жана катталган юридикалык жактардын бенефициардык ээлери жөнүндө электрондук маалыматтар базасын түзүү максатында юридикалык жактардын бенефициардык ээлерин идентификациялоону жана верификациялоону камсыздоонун укуктук жана институттук механизмдерин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2025-жыл | Мыйзам чыгаруу деңгээлинде юридикалык жактардын бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгаруу жана жарыялоо камсыздалды. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтар базасында юридикалык жактардын бенефициардык ээлери жөнүндө так жана актуалдуу маалымат камсыздалды. Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн жана катталган юридикалык жактардын бенефициардык ээлери жөнүндө электрондук маалыматтар базасы иштөөдө | ФМ (ФЧМК), ЭКМ, ЮМ, ЖК | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
11 | Маалыматтык технологияларды колдонуу аркылуу электрондук аудитти ишке киргизүү | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан пайдаланылган мамлекеттик каражаттарга электрондук аудитти жүргүзүү эрежелерин иштеп чыгуу, "Электрондук аудит" программалык камсыздоосун ишке киргизүү | 2025-жыл | Электрондук аудит жүргүзүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө ченемдик укуктук акт кабыл алынды. Байланышты жана коррупциялык тобокелдиктерди жоюу аркылуу мамлекеттик аудит объекттерине жүктөмдү азайтууга, аны жүргүзүү мөөнөттөрүн кыскартууга жана оперативдүү чечим кабыл алууну камсыздоого мүмкүндүк берген "Электрондук аудит" автоматташтырылган электрондук системасы ишке киргизилди | ФМ, "Инфосистемс" МИ, ЭП | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
8. Ишкердик субъекттерин коргоо системасын өркүндөтүү жана жагымдуу инвестициялык чөйрөнү өнүктүрүү, коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө | ||||||
1 | Ишкердик ишти жөнгө салуучу мыйзамдарды оптималдаштыруу жана өркүндөтүү | 1. Жагымдуу ишкер чөйрөнү түзүүгө жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга багытталган ишкердик ишти коргоонун укуктук негиздерин жана кепилдиктерин белгилеген ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу | 2026-2027-жылдар | Ишкердик ишти жөнгө салуучу мыйзамдарды оптималдаштырууга жана өркүндөтүүгө багытталган ченемдик укуктук актылар кабыл алынды | ЭКМ, бизнес-коомдоштук (макулдашуу боюнча), АИК, ЖК | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
2. "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик контролдоочу органдардын ишин баалоо | Жыл сайын, I кварталдын ичинде | Сунуштарды иштеп чыгуу менен тиешелүү талдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберилди | ЭКМ, БП | |||
2 | Мыйзамдарга ылайык ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жазма буйруктарын байланышсыз макулдашууну камсыздоо | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин proverka.gov.kg порталын модернизациялоо жана жаңылоо | 2025-жыл | Ыйгарым укуктуу органдар тарабынан ишкердик субъекттерине жүргүзүлүүчү пландуу жана пландан тышкаркы текшерүүлөр proverka.gov.kg порталы аркылуу маалыматтык технологияларды (QR код ж.б.) колдонуу менен макулдашылууда | ЭКМ, БП | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
3 | Коммерциялык уюмдардын башкаруучулары жана менеджерлери үчүн ак ниет башкаруунун кесипкөй стандарттарын ишке киргизүү | ISO 37001 стандартынын артыкчылыктары жана пайдалары жана Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (ЭКӨУ) корпоративдик башкаруу принциптери жөнүндө кеңири маалыматтык өнөктүктү өткөрүү | 2025-жыл | Маалыматтык өнөктүк өткөрүлдү | ЭКМ (ФРЖКК) | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
4 | Бизнес чөйрө үчүн корпоративдик башкаруу жана ачык отчеттуулук принциптерин ишке киргизүү | Ак ниеттүү корпоративдик башкарууну ишке киргизүү механизмдерин иштеп чыгуу | 2025-2027-жылдар | Ири, орто компанияларда (банктар, холдингдер, мамлекеттик ишканалар жана капиталында мамлекеттик үлүштөрү бар акционердик коомдор) корпоративдик башкаруу принциптери ишке киргизилди | ЭКМ (ФРЖКК) | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
5 | (КР Президентинин 2026-жылдын 5-февралындагы № 28 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту) | |||||
6 | Ишкердик субъекттеринин укуктарын коргоонун укуктук инструменттерин ишке киргизүү | 1. Мезгилдүү негизде төмөнкүлөрдү жүргүзүү: 1) чечимдерди даттануу механизмдеринин жана каналдарынын жеткиликтүүлүгүн жана натыйжалуулугун талдоону жана ишкерлердин укуктарын коргоону камтыган текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча талаш-тартыштарды жөнгө салуу жана чыгарылган чечимдерге даттануу жол-жоболорун сактоого мониторинг жүргүзүү; 2) мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу, коррупциялык көрүнүштөр же негизсиз иш-аракеттер учурларын аныктоону кошкондо, жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн практикасын жана натыйжаларын талдоо | 2025-2027-жылдар | Коррупцияны алдын алуу жана ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча чараларды иштеп чыгуу үчүн мезгилдүү негизде ишкердик субъекттеринин кайрылууларына (билдирүүлөрүнө) мониторинг жана талдоо жүргүзүлүүдө | БП, ЭКМ, АИК, Бизнес-акыйкатчы (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ишинде автоматташтырылган маалыматтык системаны иштеп чыгуу жана ишке киргизүү, ал тобокелдиктин аныкталган критерийлери боюнча текшерүүгө тийиш болгон тобокелдикке багытталган субъекттердин тизмесин түзүүгө мүмкүндүк берет. Ишкердик субъекттери менен кайтарым байланышты кароо, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын сайттарында текшерүүлөрдү жүргүзүү процессин жөнгө салуучу, ишкердик субъекттеринин укуктарын баяндоочу документтерге ачык жеткиликтүүлүктү камсыздоо | 2025-2026-жылдар | Автоматташтырылган маалыматтык система ишке киргизилди, ал тобокелдиктин аныкталган критерийлери боюнча текшерүүгө тийиш болгон тобокелдикке багытталган субъекттердин тизмесин түзүүгө мүмкүндүк берет | ЭКМ, ыйгарым укуктуу органдар, ФМ, СӨМ | |||
3. ЭКМнын расмий порталында ишкердик субъекттерин каттоодо ишкердик субъекттеринин ишин текшерүү боюнча электрондук санариптик кол тамганы (ЭСК) ишке киргизүү | 2025-2026-жылдар | Ишкердиктин субъекттерине пландуу жана пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жүргүзүүгө мамлекеттик контролдоо органдарынын (МКО) жазма буйруктарын макулдашуу жол-жоболорун жүргүзүүдө коррупциялык тобокелдиктерди жоюу | ЭКМ, ыйгарым укуктуу органдар, ФМ, СӨМ | |||
4. Прокуратура органдарында аларды каттагандан кийин гана ишкерлер менен кайтарым байланышты, ыйгарым укуктуу органдардын сайттарында ишкердик субъекттеринин укуктарын баяндоо менен текшерүү процессин регламенттештирген документтерге ачык жеткиликтүүлүктү кароо менен, укук коргоо, салык жана башка ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлүүчү ишкердик субъекттерин текшерүүнүн укуктук механизмдерин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | Ишкердик субъекттеринин ишине текшерүү жүргүзүүнүн тартибин аныктоочу ченемдик укуктук акт кабыл алынды | ЭКМ, БП, УКМК, ИИМ, ФМ, СӨМ министрликтер жана ведомстволор, Бизнес-акыйкатчы бизнес-коомдоштук (макулдашуу боюнча) АИК, ЖК | ||||
9. Санариптештирүү процесстерин өнүктүрүү жана азыркы этапта коррупцияга каршы күрөшүүнүн натыйжалуу чараларынын бири катары мамлекеттик жана муниципалдык түзүмдөрдүн ишине маалыматтык технологияларды киргизүү | ||||||
1 | Мамлекеттик башкаруу системасын санариптештирүү | 1. Кыргыз Республикасында электрондук башкарууну ишке киргизүү боюнча чараларды көрүү | 2025-2026-жылдар | Мамлекеттик башкаруу системасында санариптик технологияларды ишке киргизүү процесстерин аяктоо боюнча чаралар көрүлдү | СӨМ, КАЫМО, министрликтер жана ведомстволор | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
2. Мамлекеттик органдар менен коммерциялык уюмдардын ортосунда маалымат алмашууну камсыздоо менен "Түндүк" ВЭӨСти өнүктүрүү | ||||||
3. Маалыматты иштеп чыгуунун, берүүнүн жана жайылтуунун, электрондук форматта кызматтарды көрсөтүүнүн санариптик технологияларынын негизинде мамлекеттик башкаруу системасынын иштөөсү | ||||||
2 | Улуттук таанымал кызмат адамдарынын (мындан ары - ТКА) бирдиктүү маалыматтар базасын иштеп чыгуу | "Түндүк" ВЭӨС менен интеграциялоо жана "Түндүк" ВЭӨС катышуучуларынын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү чечимдеринин каталогуна сервисти жайгаштыруу менен улуттук ТКА маалыматтар базасынын бирдиктүү форматын түзүү | 2025-жылдын I жарым жылдыгы | Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдында ТКА маалыматтар базасынын болушу жана толук иштөөсү. Идентификацияланган адамдардын барууларын эсептегич менен актуалдуу жана жаңыртылуучу ТКА маалыматтар базасынын болушу | ФМ (ФЧМК), МСК, СӨМ, министрликтер жана ведомстволор, ЖӨБО | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет |
3 | Бюджеттик процесстерди санариптештирүү | 1. Учурдагы бюджеттик процесстерге талдоо жүргүзүү жана баалоо, бюджеттик процесстер үчүн санариптик инструменттерди жана платформаларды изилдөө жана бюджеттик процесстерди автоматташтыруу үчүн сунуштарды киргизүү | 2025-жылдын II кварталы | Аналитикалык жазуу түзүлдү | ФМ, "Инфосистемс" МИ | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
2. Бюджеттик процесстерди санариптештирүү маселелерин жөнгө салуучу өзгөртүүлөрдү киргизүү же ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу (ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү) | 2025-жылдын II жарым жылдыгы | Бюджеттик процесстерди санариптештирүү маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук акт кабыл алынды | ФМ | |||
3. Бюджеттик процесстер үчүн санариптик инструментти иштеп чыгуу, кызматкерлерди жаңы санариптик инструменттерди колдонууга окутуу жана даярдоо | 2025-2026-жылдар | Бюджеттик процесстер үчүн санариптик инструменттин долбоору иштелип чыкты, кызматкерлерди жаңы санариптик инструменттерди колдонууга окутуу жана даярдоо жүргүзүлдү | ФМ, "Инфосистемс" МИ | |||
4. Коюлган максаттарды эске алуу менен натыйжаларды баалоо жана алардын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн санариптик чечимдерге түзөтүүлөрдү жана толуктап иштеп чыгууларды киргизүү | 2026-2027-жылдар | Автоматташтырылган бюджеттик процесстер | ФМ | |||
4 | Салык төлөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтарды башкаруунун электрондук системасын өркүндөтүү | Салыктык жол-жоболордун жана башкаруунун автоматташтырылган маалыматтык системаларын автоматташтыруу жана өркүндөтүү | 2025-жылдын I жарым жылдыгы | Салык төлөөчүлөрдүн салык кызматынын органдарынын кызматкерлери менен түз байланышын минималдаштыруу | МСК | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет |
5 | Тышкы экономикалык ишти жөнгө салуу системасында "бирдиктүү терезе" механизмин өнүктүрүү | 1. Бажы органдары тарабынан бажылык тариздөөдө уруксат берүүчү документтердин электрондук форматтарын пайдалануу. 2. Бажы контролунун автоматташтырылган системаларын өнүктүрүү | 2025-2027-жылдар | Бажылык тариздөө "бирдиктүү терезе" маалыматтык системасында жеткиликтүү болгон уруксат берүүчү документтердин электрондук форматтарын пайдалануу менен жүргүзүлөт. Бажы контролу системасы автоматташтырылды | МБК ("БТБ" МИ), ФМ ("Инфосистемс" МИ) | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет |
6 | Тышкы соода чөйрөсүндө "Бирдиктүү терезе" маалыматтык системасы (мындан ары - БТМС) аркылуу электрондук уруксат берүүчү документтерди берүү боюнча бизнес-процессти автоматташтыруу | 1. Санариптик технологияларды колдонуу аркылуу тышкы соода операцияларын жүргүзүү үчүн документтерди даярдоодо административдик жол-жоболорду оптималдаштырууну караган ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2025-2027-жылдар | Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары кабыл алынды | МБК ("БТБ" МИ), ЭКМ | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
2. Өзгөчө товарларды экспорттоого/импорттоого/ транзиттөөгө лицензияларды/ корутундуларды/уруксаттарды электрондук форматта берүү үчүн БТМСти пайдалануу | Дайыма | Өзгөчө товарларды экспорттоого/импорттоого/ транзиттөөгө лицензия/ корутунду/уруксат БТМС аркылуу берилүүдө | ||||
7 | Сатып алуулардын автоматташтырылган системасын модернизациялоо | 1. Мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболору, берүүчүлөр/консультанттар арасындагы атаандаштык, чечимдерди кабыл алуунун объективдүү критерийлери жана сатып алуулар жөнүндө контракттарды аткаруу тууралуу маалыматтын натыйжалуулук, ачык-айкындуулук, жеткиликтүүлүк принциптерине негизделген мамлекеттик сатып алуулардын электрондук системасын өркүндөтүү | 2025-жыл | Контракттарды башкаруу маселелерин кошкондо, мамлекеттик сатып алуулар системасын өркүндөтүү максатында жаңы маалыматтык технологияларды колдонуу менен мамлекеттик сатып алуулар порталын жаңылоо боюнча чаралар көрүлдү | ФМ, "Инфосистемс" МИ | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
2. Мамлекеттин катышуусу менен акционердик коомдордун, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча отчеттуулугун санариптештирүү. Мамлекеттин катышуусу менен акционердик коомдордун, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын сатып алууларын банктык коштоону этап-этабы менен ишке киргизүү | 2026-2027-жылдар | Мамлекеттин катышуусу менен акционердик коомдордун, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын сатып алуулар жөнүндө маалымат порталында сатып алуулар жөнүндө отчетторду жарыялоонун эсебинен жүргүзүлүп жаткан сатып алуулардын ачык-айкындуулугун камсыздоо жана сатып алуучу уюмдардын жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча чаралар көрүлдү | ММБМА, СӨМ, "Инфосистемс" МИ | |||
8 | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борбору (мындан ары - КАБ) тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүнү оптималдаштыруу | Жеринде баалоо процессинен тышкары, аккредитациялоонун бардык этаптары боюнча "е-аккредитация" маалыматтык тармагын оптималдаштыруу процесстерин улантуу | 2025-2027-жылдар | КАБдын мамлекеттик кызматтары (жеринде баалоо процессинен жана этабынан тышкары) аккредитациялоо боюнча иштин акыркы натыйжасына чейин Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында электрондук форматта көрсөтүлүүдө | ЭКМ (КАБ) | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
9 | Жүк ташууларды контролдоо боюнча системаны ишке киргизүү | Төмөнкүлөрдү камтыган жүк ташууларды контролдоо боюнча автоматташтырылган маалыматтык системаны (АМС) иштеп чыгуу: - салмак-габариттик контролдоонун автоматташтырылган системасын ишке киргизүү; - жүктүн абалын жана жайгашкан жерин белгилөө үчүн электрондук документ жүгүртүү системасы, транспорттук-логистикалык кубаттуулуктарды резервдөө; - электрондук товар коштоочу документтерди онлайн берүү | 2025-жыл | Жүк ташууларды контролдоо боюнча АМС иштөөдө | ТКМ, ЖӨБО, ФМ, СӨМ | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
10 | Стандартташтыруу жана метрология жаатындагы акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү | 1. Серверди "Түндүк" ЭВӨСкө кошуу боюнча техникалык ишти этап-этабы менен улантуу | 2025-2027-жылдар | Мамлекеттик органдар менен өндүрүш секторлорунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн ачык-айкын автоматташтырылган механизми | ЭКМ (СМБ), СӨМ | Республикалык бюджет, эл аралык донорлор, гранттык каражаттар |
2. Ченөө бирдейлигин камсыздоо жаатында маалыматтык фондду иштеп чыгуу | ||||||
11 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, административдик жол-жоболорду санариптештирүү | 1. Лицензияларды жана уруксаттарды берүүнү кошкондо, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнү Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук-санариптик форматка өткөрүүнү жана "Түндүк" ЭВӨС аркылуу мамлекеттик (муниципалдык) органдардын санариптик өз ара аракеттенүүсүн камсыздоо, административдик жол-жобону жүргүзүү процессинде санариптик технологияларды колдонуу, экономиканын бардык тармактарында АМСти ишке киргизүү, башка АМСтер менен интеграциялоо | 2025-2026-жылдар | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар калкка электрондук-санариптик форматта көрсөтүлүүдө, коррупциялык тобокелдиктер минималдаштырылды | Министрликтер жана ведомстволор, ЖӨБО, СӨМ | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
2. ЖӨБОдо жерди пайдалануу боюнча иштин санариптик эсебин, ошондой эле айыл чарба багытындагы жерлердин санариптик реестрин түзүү | 2025-2026-жылдар | Жерди пайдалануунун натыйжалуулугун жана ачык-айкындуулугун олуттуу жогорулатууну камсыздоочу жерге жайгаштыруунун санариптик технологиялары ишке киргизилди | ЖРКГКМА, СПАЧКӨМ, СӨМ, МКЖӨБМА, ЖӨБО | |||
3. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишин санариптик форматка өткөрүү. "Мамлекеттик шаар куруу кадастры" АМСти иштеп чыгуу | 2026-жыл | Курулуш чөйрөсүндө уруксат берүүчү документтерди даярдоо жана берүү боюнча милдеттүү иш-чаралар санариптик форматка өткөрүлдү. "Мамлекеттик шаар куруу кадастры" АМС иштөөдө | АКТКЧМА, СӨМ | |||
4. Жаратылыш ресурстарын башкаруунун бирдиктүү системасын, анын ичинде суу ресурстарын башкаруу системасын иштеп чыгуу, ошондой эле өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын ресурстарын башкаруу системасын модернизациялоо, "Жер казынасы" маалыматтык системасын иштеп чыгуу | 2026-жылга чейин этап-этабы менен | Жаратылыш ресурстарын эсепке алуунун жана мониторинг жүргүзүүнүн маалыматтык системасын түзүү максатында аналитикалык маалыматтарды чыгаруу мүмкүнчүлүгү менен жаратылыш ресурстарын башкаруу боюнча бирдиктүү маалыматтык система ишке киргизилди | ЖРЭТКМ, СПАЧКӨМ, СӨМ | |||
12 | Санариптештирүүнүн алкагында мамлекеттик (муниципалдык) кызматтарды алуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымдуулук боюнча мамлекеттик органдардын жана жарандардын өз ара аракеттенүүсү | Интернет-ресурстар аркылуу мамлекеттик (муниципалдык) кызматтарды (маалымкаттар ж.б.) алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө жарандардын маалымдуулугун кеңейтүү боюнча уюштуруучулук жана практикалык чараларды көрүү | 2025-2027-жылдар | Жарандарды интернет-ресурстар аркылуу мамлекеттик кызматтарды алуу мүмкүндүгү жөнүндө маалымат менен камсыздоо боюнча чаралар көрүлдү | СӨМ, министрликтер жана ведомстволор | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет |
13 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын декларацияларын текшерүүнүн ачык-айкындуулугун камсыздоо | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген жеке жактардын жана алардын жакын туугандарынын бирдиктүү салык декларациясында көрсөтүлгөн маалыматтарынын аныктыгын жана толуктугун текшерүү (талдоо) жол-жоболорун автоматташтыруу | 2025-жылдын I жарым жылдыгы | Бирдиктүү салык декларациясына мониторинг жүргүзүүнүн автоматташтырылган системасы ишке киргизилди | МСК, "Салык Сервис" ММ, КАЫМО | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
14 | Коопсуздукту башкаруу системасын автоматташтыруу жана өнүктүрүү | Калктуу конуштардын коомдук жерлеринде укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу маселелерин караган географиялык камтууну жана функционалды кеңейтүү менен "Коопсуз шаар" долбоорун ишке киргизүүнү улантуу | 2025-2027-жылдар | "Коопсуз шаар" долбоору географиялык камтууну жана функционалын кеңейтүүдө | СӨМ, БП, ИИМ, КРП облустардагы ЫӨ, шаарлардын мэриялары | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
15 | Соттордо электрондук документ жүгүртүүнү (мындан ары - СЭДЖ) ишке киргизүү | Сот документтерин иштеп чыгуунун, сактоонун жана берүүнүн автоматташтырылган процессин камтыган "СЭДЖ" АМСти иштеп чыгуу | 2025-2027-жылдар | "СЭДЖ" АМС ишке киргизилди жана иштөөдө | ЖС, "Адилет сот" МТМ, СӨМ | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
16 | Аралыктагы режимде сот актыларын алуунун электрондук системасын өнүктүрүү | Сот актыларын аралыктагы режимде алуу үчүн сот адилеттиги порталынын (электрондук система) функционалын, ошондой эле сот актыларын жарыялоо механизмдерин өркүндөтүү | 2025-жыл | Сот адилеттиги порталынын функционалын өркүндөтүү боюнча чаралар көрүлдү | ЖС, СК, "Адилет сот" МТМ | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
17 | Жарандык, экономикалык жана административдик иштер боюнча сот жыйындарын милдеттүү түрдө аудио-, видеофиксациялоону ишке киргизүү | Сот залдарын видеокамералар жана башка техникалык каражаттар менен жабдуу, жарандык, экономикалык жана административдик иштер боюнча сот жыйындарын аудио-, видеофиксациялоону ишке киргизүү | 2025-2027-жылдар | Сот залдарын соттук териштирүүнүн жүрүшүн фиксациялоого мүмкүндүк берүүчү техникалык каражаттар менен жабдуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө | ЖС, СК, "Адилет сот" МТМ | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
18 | "Кылмыштардын бирдиктүү реестри" (КБР) АМСти модернизациялоо | КБР АМС функционалын өркүндөтүү жана кеңейтүү, ошондой эле кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык келтирүү, сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарынын ишин санариптештирүүнүн өз ара байланышкан системаларын этап-этабы менен интеграциялоо | Этап-этабы менен, 2025-2027-жылдар | "КБР" АМС модернизацияланды Кошумча модулдар иштелип чыкты жана киргизилди: - электрондук кылмыш иши; - статистикалык отчеттуулукту автоматташтыруу; - отчеттуулукту жана башка аспекттерди автоматташтыруу | БП, ИИМ, УКМК, ЖС, СӨМ | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
19 | Жарандардын маалыматка жетүү мүмкүндүгүн камсыз кылуу | 1. Көзөмөлдөө жана укук коргоо органдарынын расмий сайттарында статистикалык маалыматтарды жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматтарды системалуу түрдө жарыялоо | 2025-2027-жылдар | Коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы маалыматтарды жана статистикалык маалыматтарды расмий сайттарга жарыялоо боюнча чаралар көрүлдү | БП, ИИМ, УКМК, МБК, ЖАМК | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
2. Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБО расмий сайттарында алардын иши жөнүндө, Коррупцияны алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалыматтарды мезгил-мезгили менен жарыялоо, жарандардын маалыматка эркин жетүү мүмкүндүгүн камсыз кылууга мүмкүндүк берүүчү программалык-маалыматтык камсыздоонун санариптик технологияларын киргизүү, ошондой эле мобилдик тиркемелерди өнүктүрүү. Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБО басма сөз кызматтары аркылуу иш жөнүндө актуалдуу материалдарды чагылдыруу | 2025-2027-жылдар | Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБО расмий сайттарында алардын иши жөнүндө, "Коррупцияга каршы аракеттенүү" атайын бөлүгүн маалыматтык толтурууну актуалдаштыруу аркылуу Коррупцияны алдын алуу жаатындагы иштер жөнүндө маалыматтарды жарыялоо боюнча чаралар көрүлдү. Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБО иши жана кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө заманбап программалык-маалыматтык камсыздоо жана мобилдик тиркемелер ишке киргизилип, маалыматка жетүү мүмкүндүгү камсыз кылынды | Министрликтер жана ведомстволор, ЖӨБО, СӨМ, КАЫМО | |||
20 | Санариптик технологияларды колдонуу аркылуу судьялардын, көзөмөлдөө жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин бош кызмат орундарына тандоонун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу | 1. Судьялардын, көзөмөлдөө жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин бош кызмат орундарына тандоонун тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды санариптик технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүгү бөлүгүндө талдоо | 2025-жыл | Аналитикалык кат даярдалды | СК, ЖС, БП, ИИМ, УКМК, МБК, ЖАМК, ПА, ЖК | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
2. Санариптик технологияларды милдеттүү түрдө колдонуу менен судьялардын, көзөмөлдөө жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин бош кызмат орундарына конкурстарды өткөрүүнүн тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана ченем жаратуучу органдарга киргизүү | 2026-жыл | Тиешелүү ченемдик укуктук актылар кабыл алынды | ||||
21 | Аскердик каттоону санариптештирүү | Аскерге чакырылуучуларды жана аскерге милдеттүүлөрдү каттоонун автоматташтырылган маалыматтык системасынын программалык камсыздоосун жана функционалын өнүктүрүү | 2027-жыл | Аскердик каттоо системасында аскер кызматчыларын, аскерге милдеттүүлөрдү жана аскерге чакырылуучуларды жашаган жери боюнча каттоо (каттоодон чыгаруу) бөлүгүндө аскер комиссариаттарынын кызматкерлеринин ишин жеңилдетүүчү заманбап технологиялар колдонулду | КМ, СӨМ | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
10-глава. Жарандык коомдун коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүнө катышуусу | ||||||
1 | Жарандык сектордун коррупцияга каршы саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуусу | Жарандык коомдун төмөнкүлөрдү камтыган коррупцияга каршы иш-чараларга кеңири жана ачык катышуусун камсыз кылуучу механизмдерди иштеп чыгуу: - коррупцияга каршы саясаттын стратегиясын, Коррупцияны алдын алуу жаатындагы мамлекеттик программаларды, пландарды жана башка маанилүү документтерди иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу; - ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу; - коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө изилдөөлөрдү, талдоо жана баалоо жүргүзүү, альтернативдүү отчетторду жана серептерди даярдоо; - коррупциялык укук бузууларды табууга, алдын алууга жана бөгөт коюуга көмөктөшүү; - коомдук иликтөө; - ченемдик укуктук актыларга жана алардын долбоорлоруна көз карандысыз коррупцияга каршы экспертиза; - коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу, коррупцияга каршы аракеттенүү маселелеринде маалыматтык-билим берүү иши, калкка укуктук жардам көрсөтүү; - коррупцияга каршы маданиятты калыптандырууга катышуу; - коррупцияга каршы саясатты популяризациялоо; - жарандардын коррупцияга каршы потенциалын жогорулатуу боюнча билим берүү программаларын жана долбоорлорун өркүндөтүү; - коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча илимий-практикалык конференцияларды, тегерек столдорду жана башка иш-чараларды уюштуруу; - жарандык демилгелерди натыйжалуу кароо боюнча кайтарым байланыш жол-жоболорун бийлик органдарына киргизүү | 2025-2027-жылдар | Жарандык коомдун коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүнө катышуусунун ар кандай формалары түзүлдү. Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мамлекеттин жарандар жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү механизми укуктук аң-сезимдин деңгээлин, коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу жана аны иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу жөнүндө коомдун маалымдуулугун жогорулатуу, жарандардын мамлекеттик бийлик органдарына болгон ишенимин жана алардын ишинин ачыктыгын жогорулатуу, коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу, коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча ар кандай изилдөөлөрдү, экспертизаларды жана башка иш-чараларды өткөрүү менен мүнөздөлөт | АИК, КАЫМО, МКЖӨБМА, ЖКИ, эксперттер, бизнес-коомдоштук (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
2 | Коррупцияга каршы тематика боюнча республикалык жана эл аралык масштабда илимий-практикалык иш-чараларды уюштуруу | Коррупцияга каршы тематикадагы республикалык, эл аралык конференцияларды, тегерек столдорду уюштуруу жана өткөрүү жана ушул сыяктуу иш-чараларга катышуу | 2025-2027-жылдар | Коррупцияга каршы тематика боюнча илимий-практикалык иш-чаралар өткөрүлдү | КАЫМО, АИК, КРП караштуу МБА, СДУИ, министрликтер жана ведомстволор, билим берүү жана илим мекемелери, ЖКИ, эксперттер (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
3 | Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө жарандардын активдүү катышуусуна багытталган мамлекеттик органдардын жана ЖӨБО коомчулук менен өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу | 1. Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мамлекеттик/муниципалдык органдардын жана жарандык коомдун өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүүнүн негизги тенденцияларына талдоо жүргүзүү | 2025-жыл | Өз ара аракеттенүүгө талдоо жүргүзүлдү | КАЫМО, АИК, МКЖӨБМА, ЖКИ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
2. Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандык коом менен өз ара аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүү боюнча чараларды иштеп чыгуу | 2025-жыл | Коррупцияга каршы саясатты натыйжалуу иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүүнүн колдонуудагы механизми киргизилди | ||||
3. Коррупцияга каршы саясат чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын, мамлекеттик стратегиялык документтердин долбоорлорун иштеп чыгууга жана аларды ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүгө жарандык коомдун катышуусун камсыз кылуу | 2025-2027-жылдар | Пландаштырылган жана ишке ашырылып жаткан коррупцияга каршы чараларды талкуулоо боюнча жарандык коомдун активдүү катышуусу камсыз кылынды | ||||
11-глава. Коомдо коррупциянын ар кандай көрүнүштөрүнө сабырсыздык мамилени чагылдырган активдүү коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу | ||||||
1 | Коррупцияга каршы маданиятты өнүктүрүү, коомдо коррупцияга сабырсыздык мамилени чагылдырган баалуулуктар системасын сактоо жана бекемдөө | 1. Коррупцияга каршы агартуу жана үгүттөө боюнча комплекстүү мамилелерди иштеп чыгуу, ишке ашыруу жана координациялоо үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аныктоо менен иш-чаралардын билим берүүчү, маалыматтык, уюштуруучулук жана башка социалдык маанилүү мүнөздөгү комплексин ишке ашырууну караган Коррупцияга каршы маалыматтык саясаттын мамлекеттик программасын иштеп чыгуу | 2025-жыл | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен Коррупцияга каршы маалыматтык саясаттын мамлекеттик программасы бекитилди | КАЫМО, ЮМ, АИК, Агартуумин, ИЖБИМ, МКЖӨБМА, ЖКИ, бизнес-коомдоштуктун эксперттери (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
2. Коррупцияга каршы маалыматтык саясаттын мамлекеттик программасын ишке ашыруу процессин жооптуу мамлекеттик, муниципалдык органдардын, илимий, маданий жана билим берүү мекемелеринин жана уюмдарынын, жарандык коомдун институттарынын, бизнес-коомдоштуктун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын катышуусу менен камсыз кылуу | 2025-2027-жылдар | Жарандардын укуктук аң-сезиминин жана укуктук маданиятынын деңгээлин жогорулатууга, коррупцияга каршы жүрүм-турумду калыптандырууга, укуктук нигилизмди жеңүүгө, коррупциянын ар кандай көрүнүштөрүнө сабырсыздык атмосферасын түзүүгө багытталган Коррупцияга каршы маалыматтык саясаттын мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатат | КАЫМО, ЮМ, Агартуумин, ИЖБИМ, КРП караштуу МБА, АИК, министрликтер жана ведомстволор, ЖКИ, бизнес-коомдоштуктун эксперттери (макулдашуу боюнча) | |||
12-глава. Коррупцияны изилдөө | ||||||
1 | Коррупциянын деңгээлин өлчөөнүн улуттук системасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | 1. Өлкөдөгү коррупциянын деңгээлин, анын ичинде бийлик органдарын жана алардын ишинин тармактарын өлчөөнүн бирдиктүү улуттук методологиясын иштеп чыгуу | 2026-жыл | Коррупциянын деңгээлин өлчөө методологиясын бекитүү жөнүндө ченемдик укуктук акт кабыл алынды | КАЫМО, СДУИ, УСК, ЮМ, АИК, МКЖӨБМА, ЖКИ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
2. Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБО ишинде коррупциялык көрүнүштөрдү жана тобокелдиктерди аныктоо максатында изилдөөлөрдү туруктуу негизде жүргүзүү, аларды эсепке алуу, регламенттөөчү документтерди изилдөө, сурамжылоо, мониторинг жана талдоо жүргүзүү, коррупциянын деңгээлин чагылдыруу жана отчетту жарыялоо | 2026-2027-жылдар | Жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөр социалдык, экономикалык жана укуктук чөйрөдө мамлекеттин коррупцияга каршы саясатын ишке ашырууну камсыз кылуучу кепилдиктерди күчөтүүгө, мамлекеттик кызмат системасын коррупциялык процесстердин деструктивдик таасиринен коргоого, жарандардын мамлекеттик бийлик системасына болгон ишенимин бекемдөөгө, коррупциянын алдын алуунун туруктуу укуктук негиздерин түзүүгө жана улуттук мыйзамдарды өркүндөтүүгө багытталган | КАЫМО, СДУИ, АИК, министрликтер жана ведомстволор | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары | ||
13-глава. Коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы эл аралык кызматташтык | ||||||
1 | Коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында эл аралык кызматташтыктын жана өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана өнүктүрүү | 1. Бириккен Улуттар Уюмунун Коррупцияга каршы конвенциясынын жоболорун карап чыгуу механизмине Кыргыз Республикасынын толук кандуу катышуусун камсыз кылуу, баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча БУУ Башкармалыгынын Катчылыгынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын учурдагы муктаждыктарын жана мамлекеттик кызыкчылыктарын эске алуу менен аларды андан ары улуттук мыйзамдарга имплементациялоо үчүн чет мамлекеттердин (байкоочу мамлекеттердин) өкмөттүк эксперттеринен алынган сунуштамаларга талдоо жүргүзүү | Туруктуу | Кыргыз Республикасы абройлуу эл аралык уюмдарда активдүү катышууда, коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы өнөктөштүк мамилелерди кеңейтип жана тереңдетип, өлкөнүн коррупция менен күрөшүүнүн натыйжалуулук индикаторлоруна ылайык келүүсүнө карата сунуштамалардын аткарылышын, ошондой эле бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдырылышын камсыз кылат | БП, ПА, ТИМ, министрликтер жана ведомстволор | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
2. Кыргыз Республикасынын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (ЭКӨУ тармагы) Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрү үчүн коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Коррупцияга каршы күрөшүү тармагы тарабынан ишке ашырылып жаткан Стамбул коррупция менен күрөшүү боюнча иш-аракеттер планынын программасына катышуусу | ||||||
3. Кыргыз Республикасынын дүйнөнүн ар кайсы региондорунда ФАТФ (Акчанын изин жашыруу менен күрөшүүнүн финансылык чараларын иштеп чыгуу тобу) тиби боюнча түзүлгөн тогуз региондук топтун бири болуп саналган Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразия тобуна (ЕАГ) катышуусу | ||||||
4. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин өлкөлөрүнүн Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин алкагындагы коррупцияга каршы ишти улантуу | ||||||
5. Кыргыз Республикасынын Европа Кеңешинин Коррупцияга каршы күрөшкөн өлкөлөрдүн тобуна (ГРЕКО) кирүү мүмкүндүгү жөнүндө маселени изилдөө жана Европа Кеңешинин Коррупция үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги жөнүндө конвенциясын ратификациялоо боюнча иштерди улантуу | ||||||
2 | Коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы эл аралык рейтингдерде Кыргыз Республикасынын позициясын жакшыртуу | Эл аралык коррупцияга каршы ченемдерди, стандарттарды жана сунуштамаларды аткаруу боюнча чараларды көрүү | 2025-2027-жылдар | Кыргыз Республикасы коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында эл аралык рейтингдерде өзүнүн позициясын жакшыртат | КАЫМО, АИК, БП, министрликтер жана ведомстволор | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
14-глава. Стратегияны ишке ашыруу механизмдери, финансы ресурстары | ||||||
1 | Стратегияны ишке ашыруу механизмдерин иштеп чыгуу | Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча стратегиялык ыкмаларды жана багыттарды камтыган, ушул Иш-чаралар планынын биринчи этабын ишке ашыруу механизмдерин камсыз кылуу | 2025-жылдын I кварталы | Мамлекеттик бийлик органдары жана ЖӨБО тарабынан жыл сайын Стратегиялык документтин иш-чаралар планын ишке ашырууну камсыз кылуучу иштин багыттары боюнча деталдаштырылган коррупцияга каршы пландуу иш-чаралар бекитилген | Тартылган мамлекеттик бийлик органдары жана ЖӨБО | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
2 | Мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу процесстерин координациялоо жана контролдоо | Стратегиядан келип чыгуучу коррупцияга каршы пландуу иш-чараларды ишке ашыруу процесстерин координациялоо жана контролдоо | 2025-2027-жылдар (жыл сайын) | Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталуучу Коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган туруктуу негизде ушул Иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын жана ЖӨБО ишин координациялайт, Стратегияны ишке ашырууга методикалык жардам көрсөтөт. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы Стратегиянын аткарылышын контролдойт | КАЫМО, ПА, АИК | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет |
3 | Коррупцияга каршы иш-чараларды өз убагында жана толук финансылык камсыздоо | Стратегияны ишке ашыруу боюнча коррупцияга каршы иш-чараларды каржылоо | 2025-2027-жылдар | Стратегиядан келип чыккан коррупцияга каршы иш-чаралар мамлекеттин бюджетинен жана башка мүмкүн болгон булактардан каржылоо менен камсыз болгон, бул аларды натыйжалуу ишке ашырууга мүмкүндүк берет | ФМ, тартылган мамлекеттик органдар жана ЖӨБО | Консолидацияланган бюджет. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
4 | Пландуу иш-чараларды актуалдаштыруу, жаңы милдеттерди коюу жана коррупциянын азыркы чакырыктарына жана коркунучтарына ылайык келген коррупцияга каршы чараларды иштеп чыгуу | Коррупцияга каршы пландуу иш-чаралардын I этабын ишке ашыруунун жыйынтыктарын чыгаруу жана 2028-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планынын II этабынын долбоорун иштеп чыгуу | 2027-жылдын I жарым жылы | Талдоонун негизинде 2028-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планы даярдалды жана бекитилди (II этап) | КАЫМО, ПА, министрликтер жана ведомстволор, АИК | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
15-глава. Стратегияны ишке ашыруу процесстерине мониторинг жана баалоо жүргүзүү | ||||||
1 | Стратегияны ишке ашыруунун натыйжалуулугуна мониторинг жана баалоо жүргүзүү системасынын укуктук механизмдерин киргизүү | Натыйжалуулук жана таасирдүүлүк индикаторлоруна негизделген коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашырууга мониторинг жана баалоо жүргүзүү системасынын укуктук механизмдерин, ошондой эле аны автоматташтыруу мүмкүнчүлүгүн кароо менен мониторинг жөнүндө отчеттун бирдиктүү формасын иштеп чыгуу | 2025-жылдын I жарым жылдыгы | Мониторинг жүргүзүүнүн тартиби (методикасы) жана коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жөнүндө отчеттун бирдиктүү формасы иштелип чыкты жана бекитилди. Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин баалоо боюнча статистикалык маалыматтарга киргизүү үчүн негизги көрсөткүчтөр аныкталды. Мониторинг жүргүзүү процесстерин автоматташтыруу инструменттери иштелип чыкты | КАЫМО, АИК, СӨМ, БП, министрликтер жана ведомстволор | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
2 | Стратегияны ишке ашыруу процессине системалуу мониторинг жана баалоо жүргүзүү | 1. Сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү эске алуу менен коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчетту даярдоо үчүн ички мониторинг жүргүзүү | 2025-2027-жылдар (жыл сайын) | Жыл сайын, отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралынан кечиктирбестен, жооптуу аткаруучулар тарабынан Стратегиядан келип чыккан ушул Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчеттор Коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет | КАЫМО, тартылган мамлекеттик органдар, ЖӨБО | Мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджет |
2. Мамлекеттик органдар жана ЖӨБО тарабынан Стратегияны ишке ашыруу боюнча ушул Иш-чаралар планынын ишке ашырылышынын жүрүшүнө тышкы мониторинг жүргүзүү | 2025-2027-жылдар (жыл сайын, отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелинен кеч эмес) | Коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кызыкдар тараптарды тартуу менен тышкы мониторингди жүзөгө ашырат, анын жыйынтыгы боюнча натыйжалуулукту баалоонун аналитикалык жыйынды отчетун даярдайт | КАЫМО, АИК | |||
3. Отчетту бекитүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу, коррупцияга каршы стратегияны ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү, ишти талаптагыдай уюштурбаганда жана аны аткаруунун жыйынтыктары болбогондо мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жоопкерчилигин кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйындарында мониторингдин жыйынтыктарын талкуулоо | 2025-2027-жылдар (жыл сайын, отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-июлунан кеч эмес) | Коррупцияга каршы стратегияны ишке ашыруу боюнча мониторингдин жыйынтыктары тиешелүү чечим кабыл алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынында талкууланды | КАЫМО, АИК, ПА | |||
3 | Коррупцияга каршы стратегияны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө коомчулукка маалымдоо | Коррупцияга каршы стратегияны ишке ашыруу боюнча мониторинг жүргүзүү жөнүндө отчетту Коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштыруу | 2025-2027-жылдар (жыл сайын) | Коррупцияга каршы стратегияны ишке ашыруу боюнча мониторинг жүргүзүү жөнүндө отчет Коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылган | КАЫМО, АИК | Талап кылынбайт |
Эскертүү: "Жооптуу аткаруучулар" графасында көрсөтүлгөн аткаруучу катарындагылардын ичиндеги мамлекеттик органдар коюлган милдеттердин аткарылышы үчүн жооптуу болот, калган кошо аткаруучулардын арасында иш-чараларды ишке ашыруу боюнча ишти уюштурат, маалыматты чогултууну жана жалпылоону жүзөгө ашырат, аларды ишке ашыруу боюнча өзүнчө чараларды көрүү талап кылынган иш-чаралардан тышкары, белгиленген иш-чаралардын ишке ашырылышын камсыз кылат (маалымат ар бир аткаруучу тарабынан өз алдынча коррупцияга каршы иш-чаралардын аткарылышын координациялаган жана мониторинг жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет). Иш-чараларды кошо аткаруучулар аларды биргелешип ишке ашырууга активдүү катышат, негизги (биринчи) аткаруучуга зарыл болгон маалыматты жана маалымдарды берет, тиешелүү сунуштарды киргизет жана ушул Иш-чаралар планына ылайык күтүлгөн жыйынтыктарга жеткенге чейин иш-чараларды ишке ашырууда ага көмөк көрсөтөт.
Колдонулган кыскартуулар:
АИК | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин катчылыгы |
АМС | - | автоматташтырылган маалыматтык система |
ПА | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы |
КРП караштуу МБА | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы |
Бизнес-акыйкатчы | - | Кыргыз Республикасынын Бизнес-акыйкатчысы |
бизнес-коомдоштук | - | бизнес-коомдоштук институттары |
ТЭИ | - | тышкы экономикалык иш |
ЖС | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку соту |
ЖС караштуу СЖМ | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби |
АКТКЧМА | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги |
МКЖӨБМА | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик |
ЖРКГКМА | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик |
ММБМА | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик |
УКМК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети |
МСК | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
БП | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы |
"Инфосистемс" МИ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасы |
"БТБ" МИ | - | Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе борбору" мамлекеттик ишканасы |
ФЧМК | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы |
МБК | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
"Салык Сервис" ММ | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемеси |
ЖК | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши |
ЖКИ | - | жарандык коомдун институттары |
БТМС | - | "Бирдиктүү терезе" маалыматтык системасы |
КС | - | Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту |
КАБ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
СРАЧКӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги |
ТИМ | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
КМ | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги |
ИЖБИМ | - | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги |
Агартуумин | - | Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги |
БИМ | - | (КР Президентинин 2026-жылдын 5-февралындагы № 28 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту) |
ЖРЭТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
ТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
ЭСКММ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
СӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги |
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
ЮМ | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |
УБ | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
СДУИ | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту |
УСК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
ТКА | - | таанымал кызмат адамдары |
КРП облустардагы ЫУӨ | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү |
ЖАМК | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы |
"Түндүк" ВЭӨС | - | "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы |
ЭП | - | Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы |
ФРЖКК | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы |
СК | - | Кыргыз Республикасынын Соттор кеңеши |
КАЫМО | - | Коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган |
"Адилет сот" МТМ | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин алдындагы "Адилет сот" маалыматтык технологиялар боюнча мекемеси |
СМБ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору |
Эксперттер | - | көз карандысыз эксперттер |
ЭКӨУ | - | Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму |
СЭДЖ | - | соттордо электрондук документ жүгүртүү |