Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2024-жылдын 6-июну № 66
2024-жылдын 30-июнуна дайындалган № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө
"№ 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 16-майындагы № 116 Жарлыгына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 40-беренесин, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8, 14-беренелерин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы 9 005 300 (тогуз миллион беш миң үч жүз) сом өлчөмүндө 1-тиркемеге ылайык бекитилсин, анын ичинде:
1) 2024-жылдын 30-июнуна дайындалган № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн зарыл болгон шайлоо комиссиялары үчүн борборлоштурулган сатып алуулар каражаттары камтылган Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгашаларынын сметасы (2-тиркеме);
2) 2024-жылдын 30-июнуна дайындалган № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча төмөн турган шайлоо комиссияларынын чыгымдарынын сметасы (3-тиркеме).
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын пландоо, эсеп жүргүзүү жана отчеттуулук бөлүмү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү каржылоону уюштурсун, республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды бекитилген сметага ылайык тиешелүү округдук шайлоо комиссияларына бөлүштүрүүнү камсыз кылсын.
3. Округдук жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагалары ишке тартылган адистер, участкалык шайлоо комиссияларынын бардык төрагалары менен толук жеке материалдык жоопкерчилик жөнүндө келишимдерди түзсүн жана аларды Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын пландоо, эсепке жүргүзүү жана отчеттуулук бөлүмүнө жиберсин.
4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын пландоо, эсеп жүргүзүү, отчеттуулук бөлүмү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн жана ишке тартылган жарандарды бекитилген сметага ылайык накталай эмес формада "РСК Банк"ААК жана "Айыл Банк" ААКсынын банк мекемелери аркылуу финансылык жактан камсыз кылууну уюштурсун жана бул каражаттардын максаттуу пайдаланылышына көзөмөл жүргүзүүнү камсыз кылуу.
5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы Контролдук-текшерүү тобу № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышын контролдоону жүзөгө ашырсын.
6. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жөнөтүлсүн.
7. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 11-июнундагы № 44 (3597) саны менен жарыяланды
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |