УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXXV СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 11-июнундагы № 199
Айыл өкмөтүнүн ар кандай иштери боюнча юристтин кызматын пайдалануу үчүн келишимдин негизинде кызматкер алууга жана эмгек акысын бөлүүгө макулдук берүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн ар кандай иштери боюнча юристтин кызматын пайдалануу үчүн келишимдин негизинде кызматкер алууга жана эмгек акысын бөлүүгө макулдук берүү боюнча И.Жээнтаевдин кайрылуусун жана бюджет, салык жана финансы маселелери боюнча туруктуу комитетинин корутундусун угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Айыл өкмөтүнүн ар кандай иштери боюнча юристтин кызматын пайдалануу үчүн келишимдин негизинде кызматкер алууга жана эмгек акысын бөлүүгө макулдук берилсин.
- Айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн келишимге юрист кызматкери Кара-Талаа айылындагы Ажыбаев 7 көчөсүндө жайгашкан Улахол айыл өкмөтүнүн административдик имаратында, айыл өкмөттүн иштөө графиги боюнча юридикалык иштерин алып баруу жагы кошулсун.
- Бул токтомду аткарылышын камсыздоо айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы А.Кыдыковага милдеттендирилсин.
- Улахол айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 11-июнундагы №199 токтому Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңешинин укук, депутаттык этика, жаштар иштери жана маданият боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага А.Жолалиев
Катчы Д.Чыныбаева