Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXXVI СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 18-июнундагы № 201
Кара-Талаа айылынын Ак-Булуң участкасына латок сатып алуужөнүндө
Кара-Талаа айылынын Ак-Булуң участкасына латок сатып алуу үчүн Б.Эшимовдун жана жанабюджет, салык жана финансы маселелери боюнча туруктуу комитетинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши
1. Кара-Талаа айылынын Ак-Булуң участкасына латок сатып алуу үчүн акча каражаты Тоң райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.
2. Улахол айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 18-июнундагы №201 токтому Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
3. Бул токтомду аткаруу жагы сатып алуулар, инвестиция тартуу, киреше, чыгашалар, муниципалдык менчикти коргоо боюнча жетектөөчү адис Б.Эшимовко милдеттендирилсин, көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага А.Жолалиев
Катчы Д.Чыныбаева