Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXXVI СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 18-июнундагы № 202
Кара-Талаа жана Оттук айылдарын кеңейтүү үчүн кырдаалдык план менен башкы пландарын бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө
Улахол айыл аймагынын Кара-Талаа жана Оттук айылдарын кеңейтүү үчүн кырдаалдык план менен башкы пландарын өзгөртүү жана толуктоолор менен бекитүүгө макулдук берүү боюнча Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун курорттук рекреациялык жана туристтик комплекстер боюнча Ысык-Көлдөгү филилалынын бөлүм башчысы А.Маканбаевдин жана айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши
1. Улахол айыл аймагында калктуу конуштарды кеңейтүү үчүн Кара-Талаа жана Оттук айылдарынын кырдаалдык план менен башкы пландарын өзгөртүү жана толуктоолор, алымча, кошумчалар менен бекитүүгө макулдук берилсин.
2. Улахол айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 18-июнундагы №202 токтому Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
3. Бул токтомду аткаруу жагы К.Соконовго, көзөмөлдөөнү айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага А.Жолалиев
Катчы Д.Чыныбаева