Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXXVI СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 18-июнундагы № 203
Улахол айыл өкмөтүнүн Нива ВАЗ 2121 кызматтык автоунаасынын тетиктерине 70 (жетимиш миң) сом акча каражатына макулдук берүү жөнүндө
Улахол айыл өкмөтүнүн Нива ВАЗ 2121 кызматтык автоунаасынын тетиктерине 70 (жетимиш миң) сом акча каражатына макулдук берүү боюнча У.Төлөновдун жана бюджет, салык жана финансы маселелери боюнча туруктуу комитетинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши
1. Улахол айыл өкмөтүнүн Нива ВАЗ 2121 кызматтык автоунаасынын тетиктерине 70 (жетимиш миң) сом акча каражатын 2215 статьясынан 2214 статьясына жылдырып берүүгө макулдук берилсин.
2. Улахол айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 18-июнундагы №203 токтому Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
3. Бул токтомду аткаруу жагы бөлүм башчы А.Кыдыковага, көзөмөлдөөнү бюджет, салык жана финансы маселелери боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага А.Жолалиев
Катчы Д.Чыныбаева