Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Момбеков айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 15-сессиясы
2022-жылдын 22-декабры № 7
Момбеков айыл аймагынын жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин бекитүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34- беренелерин ишке ашырууда жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча иш-чараларды уюштурууда жергиликтүү өз алдынча бакшаруу органдарына усулдук жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 258 токтому менен бекитилген “ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө” Жобонун 12-пунктуна ылайык айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 15-сессиясы токтом кылат:
1. Момбеков айыл аймагынын жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмолдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.З. Абдыжапаровго жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы |
Абдразак уулу И. |