Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын “26” _06_ № 380-т тескемеси менен жактырылган |
2024-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол
коюлган Кыргыз Республикасы менен Словакия
Республикасынын ортосундагы Киреше салыгына
кош силык салууну болтурбоо, салык төлөөдөн баш
тартууну жана салык салуудан качууну алдын алуу
жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин корутундусу
2024-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Словакия Республикасынын ортосундагы Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо, салык төлөөдөн баш тартууну жана салык салуудан качууну алдын алуу жөнүндө макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Макулдашуу ага кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-февралындагы № 69-т тескемеси менен жактырылган.
Макулдашуу республиканын экономикасына түз чет өлкөлүк инвестицияларды тартуунун каражаты катары каралат жана кош салык салууну болтурбоо жана бир гана өлкөдө салык салуу боюнча кепилдиктерди берүү жолу менен чет өлкөлүк компанияларга биздин өлкөнүн экономикасынын ар кандай тармактарына инвестициялоо үчүн шарттарды түзөт.
Мындан тышкары бул Макулдашуунун негизги милдеттери болуп бир мамлекеттин резидентин экинчи макулдашуучу мамлекетте басмырлоочу салык салуудан коргоо, салык салуулардан качууга же Макулдашуунун жоболорун кыянаттык менен пайдаланууга жол бербөө, Макулдашуунун жоболорун аткарууну камсыз кылуу үчүн макулдашуучу мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосунда өз ара маалымат алмашуу саналат.
Макулдашуу биздин мамлекеттин Словакия Республикасы менен салык мыйзамдарынын өз ара мамилелеринде жалпы мамилени иштеп чыгуу үчүн да зарыл, ал бир эле учурда Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында улуттук жоболорду чагылдырмак. Мындан тышкары белгилей кетүүчү нерсе, жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуу эл аралык кош салык салуунун укуктук чөйрөсүндө пайда болгон жалпы көйгөйлөрдү жана милдеттерди чечүүдө бирдиктүү форма болуп саналат,
Макулдашуу өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнү жана инвестициялардын көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.
"Кыргыз Республикасынын эп аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык бул Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет.
Макулдашууну ратификациялоо финансылык чыгымдарды талап кылбайт, ошондой эле социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.