Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XXX сессиясынын
2024-жылынын 20- майы №2
““Мурап”, “Оби-Хает” Суу пайдалануучулар ассоциацияларын жана “Жайыт пайдалануучулар” бирикмесин Базар-Коргон шаар мэриясынын балансына өткөрүп алуу, аталган ишканаларды бириктирип Базар-Коргон шаар мэриясынын алдындагы “Айыл чарба муниципалдык ишканасы” деп ачуу жана штаттык бирдиги жобого ылайык бекитип берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-34-65 беренелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 07.02.2024-жылдагы №52 сандуу токтомун аткарууга алып, 13.05.2024-жылдагы чыгыш №01-17/124 саны менен чыккан Базар-Коргон шаарынын мэри Т.О.Осмоновдун катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XXХ -сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 07.02.2024-жылдагы №52 сандуу токтомунун негизинде “Мурап”, “Оби-Хает” суу пайдалануучулар ассоциацияларын жана “Жайыт пайдалануучулар” бирикмесин Базар-Коргон шаар мэриясынын балансына өткөрүп алууга, аталган ишканаларды бириктирип Базар-Коргон шаар мэриясынын алдындагы “Айыл чарба муниципалдык ишканасы” деп ачууга жана штаттык бирдиги жобого ылайык бекитип берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин “Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Каимовго милдеттендирилсин.
Төрага: | К.К. Анарбеков |