Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XXX сессиясынын
2024-жылынын 20- майы №5
“Базар-Коргон шаарынын Вокзальная көчөсүнүн узундугу 602 метр автоунаа жолун кайра калыбына келтирүү (асфальт бастыруу) жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 27-34-45-беренелерин аткарууга алып, 28.03.2024-жылкы чыгыш №01-17/662 саны менен катталган Базар-Коргон шаарынын мэри Т.Осмоновдун катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XXХ -сессиясы токтом кылат:
1. Базар-Коргон шаарынын Вокзальная көчөсүнүн узундугу 602 чарчы метр автоунаа жолун кайра калыбына келтирүү (асфальт бастыруу) боюнча жалпы суммасы 8923893 сомду түзгөн долбоор жактырылсын, Базар-Коргон райондук өнүктүрүү фондунан 5000 000 (беш миллион) сом, өздүк салым 3923893 сом акча каражатына макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жана мэриянын финансы-экономика бөлүмүнүн жетекчиси Ж.Рахмоналиевге жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Нуркамиловго милдеттендирилсин.
Төрага: | К.К. Анарбеков |