Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XXX сессиясынын
2024-жылынын 20- майы №6
“Базар-Коргон шаар мэриясына караштуу “Капиталдык курулуш департамент” жана “Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасы” мекемелерине кошумча штаттык бирдигин бекитип берүү жөнүндө ”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-34-65-беренелерин аткарууга алып, 13.05.2024-жылдагы №01-17/123 саны менен катталган Базар-Коргон шаарынын мэри Т.Осмоновдун катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XXХ -сессиясы токтом кылат:
1. Базар-Коргон шаар мэриясына караштуу “Капиталдык курулуш департамент” мекемесине 1 юрист, 1 инженер дизайнер жана 1 жетекчи ПТО, жалпысы болуп 3 штаттык бирдик жана “Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасы” мекемесине 1 пол жуугуч, 1 кароолчу, жалпысы болуп 2 штаттык бирдигин бекитип берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жана мэриянын финансы-экономика бөлүмүнүн жетекчиси Ж.Рахмоналиевге жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Нуркамиловго милдеттендирилсин.
Төрага: | К.К. Анарбеков |