Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 18-июну № 318
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын
23-июнундагы № 407 “Транспорт каражаттарын,
түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери
жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Лизингдик бүтүмдөрдүн алкагында Кыргыз Республикасында эл аралык уюмдар формасында уюштурулган өнүктүрүү фонддору тарабынан сатып алынган (Кыргыз Республикасында лизинг алуучуларга кийин лизингге берүү үчүн), ошондой эле күрөөнү өндүрүп алуунун натыйжасында алынган (Кыргыз Республикасында кийин сатуу үчүн) транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо жол-жобосун жөнөкөйлөтүү максатында “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-статьясына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 “Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелеринде:
– 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
“эл аралык уюмдар формасында уюштурулган өнүктүрүү фонддору – Кыргыз Республикасы жана тиешелүү мамлекеттердин ортосундагы экономикалык кызматташтыкка көмөктөшүү, алардын экономикаларын модернизациялоо жана өнүктүрүү, кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу максатында тиешелүү эл аралык келишимдерди түзүү жолу менен Кыргыз Республикасы чет мамлекеттер менен биргеликте эл аралык уюмдар формасында уюштурган өнүктүрүү фонддору.”;
– 16-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында каттоодон өтпөгөн эл аралык уюмдар формасында уюштурулган өнүктүрүү фонддорунун транспорт каражаттары, түзүлүштөрү жана жабдуулары салык төлөөчүнүн каттоо картасында же Кыргыз Республикасынын салык органдары тарабынан өнүктүрүү фондуна берилген башка документте көрсөтүлгөн ИЖН боюнча жүзөгө ашырылат.”;
– 22-пункттун тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– даярдоочу заводдун өндүрүү сертификаты (же болбосо мындай сертификат бар болгондо Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү), инвойс, транспорт каражатынын паспорту, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин транспорт каражаттарынын электрондук паспортторунун (транспорт каражаттарынын шассисинин электрондук паспортторунун) жана өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн системасында маалыматтар жок болгондо жана/же транспорт каражатынын электрондук паспортунан (транспорт каражатынын шассисинин паспортунан) көчүрмө, чет мамлекеттин транспорт каражатынын техникалык паспорту же болбосо келген өлкөнүн тиешелүү ыйгарым укуктуу органы тарабынан транспорт каражатын эсептен чыгаргандыгын ырастоочу документ, транспорт каражатынын сертификаты, кабыл алуу-өткөрүү актысы жана ушул Эрежелердин 25-пунктунда каралган башка документтер;”;
– 27-пункттун биринчи абзацында “Кыргыздипсервис” мамлекеттик ишканасы” деген сөздөр “Кыргыздипсервис” мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасы” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 27-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“Бул эреже лизингдик бүтүмдөрдүн алкагында эл аралык уюмдар формасында уюштурулган өнүктүрүү фонддору тарабынан кийин үчүнчү жактарга лизингге берүү үчүн сатып алынган, ошондой эле мындай өнүктүрүү фонддору тарабынан күрөөгө коюлган транспорт каражаттарынан, түзүлүштөрдөн жана жабдуулардан өндүрүп алуунун натыйжасында алынган транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга жайылтылбайт (эгерде өнүктүрүү фонду күрөө боюнча өндүрүлгөн мүлктү кийин сатууга же башка жол менен аны үчүнчү жактардын пайдасына өткөрүп берүүгө ниеттенген болсо). Көрсөтүлгөн транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо, кайра каттоо жана эсептен чыгаруу “Кыргыздипсервис” мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасынын катышуусуз түздөн-түз ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.”;
– 32-пункттун сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– карандаш менен жазылган же оңдоолору, же болбосо кошуп жазуулары бар, сөздөрү чийилген, ошондой эле түшүндүрүлбөгөн оңдоолору бар документтер (каттоо документтеринин тексттери ачык жана так жазылууга тийиш, жарандардын фамилиялары, аттары жана атасынын аттары толук, алардын жашаган жерин көрсөтүү менен, юридикалык жактардын аталыштары кыскартылбастан, юридикалык даректерин так көрсөтүү менен). Документтердин түп нускаларын берүү мүмкүн болбогон учурларда транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрү боюнча, же болбосо электрондук көчүрмөлөр боюнча каттоого жол берилет (документтердин түп нускаларын берүү каралбаган өлкөлөрдөн транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды ташып келүүдө);”;
– 50-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“50. Чет өлкөлүк уюмдарга жана алардын кызматкерлерине, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга, расмий катталган качкындарга таандык транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга – ушул Эрежелерде белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарына берилүүчү мамлекеттик каттоо белгилери берилет.”;
– 69-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
“Кыргыз Республикасынын банктары же эл аралык уюмдар формасында уюштурулган өнүктүрүү фонддору тарабынан финансылык ижара (лизинг) келишимдери боюнча сатып алынуучу автотранспорт каражаттары.”.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоого жатпаган, эл аралык уюмдар формасында уюштурулган өнүктүрүү фонддорундагы транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 21-июнундагы № 46 (3599) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |