Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XXX сессиясынын
2024-жылынын 20- майы №7
“2024-жылдын 1- июлунан баштап патент салыгы токтотулуп жаткандыгына байланыштуу 12200,0 (он эки миллион эки жуз жыйырма миң) сом акча каражаты Базар-Коргон шаарынын эсеп счетуна түшпөгөндүгүнөн 12200,0 миң сом акча каражатын кыскартып берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13,17- беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө", Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамынын 27-34- беренелерине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У.Жапаровдун 2023-жылдын б-декабрындагы №759-т Тескемесине таянып чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, патенттин негизинде салыкты төлөөдөн башка салык режимине акырындык менен өтүүнү аткарууга алып, 14.05.2024-жылкы чыгыш №01-17/732 саны менен катталган Базар-Коргон шаарынын мэри Т.Осмоновдун катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XXХ -сессиясы токтом кылат:
1. Базар-Коргон шаар мэриясынын 2024-жылга карата бекитилген сметасынын киреше бөлүгүнүн 11122200 элементинен патент салыгы 2024-жылга бекитилген планы 19850,0 (он тогуз миллион сегиз жүз элүү миң) сомго бекитилген, бирок 2024-жылдын 1- июлунан баштап патент салыгы токтотулуп жаткандыгына байланыштуу 12200,0 (он эки миллион эки жүз жыйырма миң) сом акча каражаты Базар-Коргон шаарынын эсеп счетуна түшпөгөндүгүнөн, 12200,0 мин, сом акча каражатын кыскартып берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жана мэриянын финансы-экономика бөлүмүнүн жетекчиси Ж.Рахмоналиевге жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Нуркамиловго милдеттендирилсин.
Төрага: | К.К. Анарбеков |