Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XXX сессиясынын
2024-жылынын 20- майы №8
“Базар-Коргон шаар мэриясына караштуу “Тазалык” муниципалдык ишканасына 2 даана ШАКМАН L 300 (арткы жүктөө) үлгүсүндөгү атайын таштанды ташуучу автоунаасын сатып алуу боюнча түзүлгөн долбоор жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-45-беренелерин аткарууга алып, 16.05.2024-жылкы чыгыш №01-17/751 саны менен катталган Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновдун катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XXХ -сессиясы токтом кылат:
1. Базар-Коргон шаар мэриясына караштуу “Тазалык” муниципалдык ишканасына 2 даана ШАКМАН L 300 (арткы жүктөө) үлгүсүндөгү атайын таштанды ташуучу автоунаасын сатып алуу учун жалпы суммасы 11492000сомду түзгөн долбоор жактырылсын жана Жалал-Абад областтык өнүктүрүү фондуна 8044400сом, өздүк салым 3447600сом акча каражатына макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жана мэриянын финансы-экономика бөлүмүнүн жетекчиси Ж.Рахмоналиевге жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Нуркамиловго милдеттендирилсин.
Төрага: | К.К. Анарбеков |