Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XXX сессиясынын
2024-жылынын 20- майы №9
“Базар-Коргон шаарындагы №42 Ак кеме балдар бакчасына кошумча 2 тайпа ачып берүү жөнүндө ”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 27-беренесин, 29-беренесинин 6-пунктун, Өкмөттүк акселератор программасынын ”Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” программасын аткарууга алып, 14.05.2024-жылкы чыгыш №01-17/735 саны менен катталган Базар-Коргон шаар мэринин орун басары Т.Исаевдин катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин социалдык, мектеп, бала бакча, жөлөк пул, маданият, коомдук уюмдар, жергиликтүү жамааттар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XXХ -сессиясы токтом кылат:
1. Базар-Коргон шаарына караштуу Совет айылындагы жаңы типтүү жана санитардык талаптарга жооп берген 180 орундуу №42 Ак кеме балдар бакчасына кошумча 2 тайпа ачууга макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин социалдык, мектеп, бала бакча, жөлөк пул, маданият, коомдук уюмдар, жергиликтүү жамааттар менен байланыш ЖМК боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Абдурахмановго милдеттендирилсин.
Төрага: | К.К. Анарбеков |