Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясынын
2024-жылынын 05- июну №1
“Базар-Коргон шаар мэриясынын 2024-жылдын бекитилген жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө”
“Кыргыз Республикасынын №59 бюджеттик кодексинин 109-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123-мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык Базар-Коргон шаарынын мэри Т.О.Осмоновдун 29.05.2024-жылдагы чыгыш №01-17/852 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XXХI-сессиясы токтом кылат:
1. Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновдун сунушунун негизинде жана шаар мэриясынын карамагында жаңы ачылган мекеме ишканалар казына аркылуу иштөө үчүн 2024-жылдын жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнө бекитилсин.
а) 70629-разделдин 2511-статьясынан -14556,5 миң сомго
б) ММБ Департамент мекемесине 70629- разделдин 2111-статьясына +556,5миң сомго;
в) Капиталдык курулуш департамент мекемесине 70443- разделдин 2221-статьясына 14000,0 миң сомго, жалпысы болуп +14556,5 миң сом акча каражаты жогоруда көрсөтүлгөн разделдин элементтерине отургузулсун.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жана ФЭБнун башчысы Ж.Рахмоналиевге милдеттендирилсин.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Нуркамиловго милдеттендирилсин.
Төрага: | К.К. Анарбеков |