Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясынын
2024-жылынын 05- июну №2
“Базар-Коргон шаар мэриясынын 2024-жылдын бекитилген жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын №59 бюджеттик кодексинин 109-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123-мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык Базар-Коргон шаарынын мэри Т.О.Осмоновдун 29.05.2024-жылдагы чыгыш №01-17/852 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XXХI-сессиясы токтом кылат:
1. Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновдун сунушунун негизинде 2024-жылдын 5 айына карата жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнө төмөндөгүдөй отургузулсун:
1)70629-разделдин 2511 элементинен - 46977,2 миң сом;
2)70629-разделдин “Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасы” мекемесине сметага ылайык 14010,9 миң сом;
3)70629-разделдин “ММБ Департамент” мекемесине сметага ылайык 3092,0 миң сомго;
4)70443-разделдин “Капиталдык курулуш департамент” мекемеси сметага ылайык 29874,3 миң сомго, жалпысы болуп +46977,2 миң сом акча каражаты жогоруда көрсөтүлгөн разделдин элементтерине отургузулсун.
2.Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жана ФЭБнун башчысы Ж.Рахмоналиевге милдеттендирилсин.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Нуркамиловго милдеттендирилсин.
Төрага: | К.К. Анарбеков |