Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясынын
2024-жылынын 05- июну №3
“Базар-Коргон шаарынын борборундагы 0,84 га жер аянтын ээлеген базарды мамлекеттин пайдасына өткөрүү үчүн, Базар-Коргон шаар мэриясынын юристине мыйзам ченемдүү иш аракеттерди жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 32-беренесин эске алуу менен, Жалал-Абад шаарынын ВЛКСМ көчөсүнүн №15/1 квартирасынын тургуну Борукулова Гулшайыр Жанузаковнадан 13.05.2024-жылдагы кайрылуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XXХI-сессиясы токтом кылат:
1. Базар-Коргон шаарынын борборундагы 0,84 га жер аянтын ээлеген базарды мамлекеттин пайдасына өткөрүү үчүн, Базар-Коргон шаар мэриясынын юристине мыйзам ченемдүү иш аракеттерди жүргүзүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жана Базар-Коргон шаар мэриясынын юристине жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Каимовго милдеттендирилсин.
Төрага: | К.К. Анарбеков |