Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 13-июну № 2190-VII
"2024-жылдын 6-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Борбордук Азия жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн ортосунда электр энергиясын берүү жана сатуу "CASA-1000" долбоору үчүн кошумча каржылоо" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну жана 2024-жылдын 21-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Борбордук Азия жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн ортосунда электр энергиясын берүү жана сатуу "CASA-1000" долбоору үчүн кошумча каржылоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2024-жылдын 7-июнундагы чыг. № 18-5073) "2024-жылдын 6-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Борбордук Азия жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн ортосунда электр энергиясын берүү жана сатуу "CASA-1000" долбоору үчүн кошумча каржылоо" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну жана 2024-жылдын 21-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Борбордук Азия жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн ортосунда электр энергиясын берүү жана сатуу "CASA-1000" долбоору үчүн кошумча каржылоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматтарына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемелери менен 5 жумуш күндүн ичинде жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Н.А. Азыгалиев |